KELECHEK
rek

Талас: ата-энелер боз үй сатып алууга каршы

Талас: ата-энелер боз үй сатып алууга каршы

Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү калаадагы сегиз мектепти ата-энелердин каражатынын эсебинен боз үй сатып алууга милдеттендирип жатканын жергиликтүүлөр айтып чыкты. Ушундай тапшырма берилгенин айрым директорлор да ырастады. Ал эми шаардык-райондук билим берүү башкармалыгы мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтууда.

Талас шаарындагы Раиса Рысакова атындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусунун атын атагысы келбеген чоң апасы мектепке боз үй сатып алууга ата-энелерден каражат топтолуп жатканына нааразы. Анын айтымында, 1400 окуучусу бар бул мектептин ата-энелери боз үйдү сатып алып, аны жасалгалоо үчүн 50 сомдон чогултмай болушкан:

- Мектептин директору "алышыбыз керек" деп ыйлап атпайбы. 30 сомду боз үйгө, 20 сомду ички жасалгалоого чогултмай болдук.

Дагы бир ата-эне боз үй сатып алуу демилгеси кайдан чыкканын түшүнбөй бушайман. Ал өз суроосуна мектеп жетекчилигинен оң жооп ала алган эмес.

"Боз үй баланча сом болот, ошону ата-энелердин акчасына алабыз" деди. Бул боз үй каяктан чыга калганын да билбейбиз. Боз үй азыр мектептерге тигилип калган. Эми акча сурап жатышат.

Мындай тапшырма Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилгенин шаардагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 мектептин директору Самара Жарманбетова ырастады:

- Негизи бул демилгени шаардык-райондук билим берүү бөлүмү көтөргөн. Августтагы конференцияда бала бакчаларга таратылган. Бизге кийинчерээк "силер деле албайсыңарбы" деп сунуштады. Акчаны чогултууга сентябрдын аягына чейин мөөнөт берилген. Тигип койгондон кийин акчаны чогултуп бербесек уят го…

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтып, ким боз үйдү сатып алууну каалабаса артка кайтарууга болот деп ишендирүүдө.

Боз үй жасап саткан Нарындагы "Этнотрейд" компаниясынын өкүлү Камчыбек Замирбеков боз үй артка кайтарылбай турганын айтты.

Билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги мектеп, бала бакчаларга боз үй тигүү менен улуттук каада-салтты жайылтууну максат кылып жатышканын айтууда. Азыркы тапта боз үйлөр Таластагы сегиз мектеп менен сегиз бала бакчанын короосунда тигилип турат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30