
Баткен: чек арадагы тирешүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Кыргыз-тажик чек арасында тургундардын тирешүүсү боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери жолугуп сүйлөшүүдө.
Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 12-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын аймагынан уруксаты жок түтүк аркылуу таза суу алып өтүүгө аракет кылган.
Тажик тарап болсо Исфара районунун Тожикон айлына суу алып өтүүгө Баткен районунун тургундары кедерги болгонун билдиришүүдө. Түтүк аркылуу суу чыгарууга Ага Хан Фонду 55 миң доллардан ашуун каражат берген. Учурда бул иш убактылуу токтотулду.
Тажикстандык активист Адолат Рахимова суу долбоору Исфара райондук администрациясы тарабынан бекитилгенин айтты. “Мен коңшулардын эмне себептен нааразы болуп жатканына түшүнгөн жокмун. Бул иш талаштуу тилкелерде эмес, Тажикстанга караштуу аймактар аркылуу жасалууда. 1990-жылдан бери маале жашоочулары таза сууга жетпей, сууну канал жана дарыялардан ташып ичишет”, - деди Рахимова.
Жергиликтүү тургундар ортосунда буга байланыштуу тирешүү орун алган. Бул маселеге байланыштуу эки облус губернаторлорунун жолугушуусу да күтүлүп жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева окуя болгонун ырастап, аймактагы тартип көзөмөлгө алынганын “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, маселе Көк-Таш, Ак-Сай аймагындагы жерге байланыштуу чыккан.
Жергиликтүү бийлик жолугушуудан соң расмий маалымат берилерин билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41