KELECHEK
rek

Мас абалында машине башкарган киши түрк дипломаты экени айтылды

Мас абалында машине башкарган киши түрк дипломаты экени айтылды

Бишкекте бир тарапка кеткен көчөдө эреже бузуп айдап, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалып, кийинчерээк мас абалында рулга отурганы айтылган адам Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери экени кабарланды.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов "Азаттыкка" билдиргендей, ал 12-сентябрга караган түнү Бишкекте туура эмес багытта машине айдап баратканда токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочу, Каража Эркан аттуу адам спирттик ичимдик ичип алып рулга отурганы белгилүү болгон. Натыйжада ага карата протокол түзүлүп, материалдар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Ошол күнү КТРКнын "Телекүзөт" программасы жол коопсуздук кызматкерлери менен чогуу рейдди тарткан учурда Каража Эркан өзүн Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин атташеси, дипломат катары тааныштырып, тиешелүү документтерин көрсөткөн.

Түрк элчилигинен комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Кыргызстанда чет элдик дипломаттардын жол эрежесин бузганы, аварияга кабылган учурлары буга чейин да орун алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53