KELECHEK
rek

Казак мажилиси Кыргызстан менен чек араны демаркациялоо келишимин жактырды

Казак мажилиси Кыргызстан менен чек араны демаркациялоо келишимин жактырды

12-сентябрда Казакстан парламентинин мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин кыргыз-казак чек арасындагы «узун кезек күтүүлөргө» байланышкан маселе чечилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал Кыргызстан менен чек араны демаркациялоо тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жаткан маалда билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Зауреш Аманжолова казак-кыргыз чек арасында жалпысынан сегиз көзөмөл-өткөрмө бекет бар экенин, бирок жыл сайын «Кордай» жана «Карасу» бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн дагы, транспорттун дагы агымы көбөйүп жатканын белгиледи. Ал чек арадан өткөн адамдардын саны курорттук мезгилде өзгөчө көбөйө турганын айтып, бул маселени чечүү үчүн өкмөт тараптан кандай чаралар көрүлө турганына кызыкты.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Чек ара башкармалыгынын директору Дархан Дильманов буга чейин паспорт көзөмөлүндөгү документ текшерүү бөлүмдөрүнүн саны 36 болсо, реконструкциядан кийин алардын санын 60ка жеткирүү пландалып жатканын айтты. Ал Чек ара кызматы өткөрмө бекеттерди көбөйтүүгө даяр экенин, бирок ага өлкөнүн Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлиги жооптуу экенин кошумчалады.

Тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди бул маселе өкмөттөр аралык комиссияларда карала турганын жана бул боюнча жалпы чечимге келүү зарылдыгын айтты.

Ошол эле жыйында мажилис кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо тууралуу эки өлкө ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Аталган келишимге тараптар былтыр 25-декабрда Алматыда кол коюшкан. Анда ал документтин негизги максаты катары «эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек аранын демаркацияланган тилкелерин эл аралык-укуктук жактан бекитүү» экени айтылган.

Былтыр 10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүп, өткөрмө бекеттерде бир нече чакырымга созулган кезек күтүүлөр жаралган. Астана мындай кадамын аткезчиликке каршы күрөш менен түшүндүргөн. Бишкек ал жасалма соода тосмосу болгонун билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12