KELECHEK

Аксы: Өзбекстанга чектеш айыл тургундары жер тилкелери алынганына нааразы

Аксы: Өзбекстанга чектеш айыл тургундары жер тилкелери алынганына нааразы

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылында Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан 26 үйдүн короо-жайынын бир бөлүгү сүрдүрүлүп жатат.

Айыл тургуну Жаркынай Алимова “Азаттыкка” 11-сентябрда Чек ара кызматынын, райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип айылдыктар менен жолугушканын билдирди. Жолугушууда чек ара тилкесин тактап зым тарткан учурда айрым үйлөрдүн короолорун да тосууга туура келип жатканы айтылган.

- Бийлик бизди каршылыксыз бошотуп берүүбүздү талап кылып жатышат. Айрымдардын сарайлары жана башка имараттар жайгашкан. Аларды мажбурлап техника менен сүрдүрөбүз дешти, - деди Алимова.

Торуктун айыл башчысы Рахматилла Аманбаев да бул айтылгандарды ырастап, 26 үйдүн короолорунан 5 метрден жер алына турганын, аларга компенсация берүү маселеси каралбаганын маалымдады.

Ал эми Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Райымжан Мавлянов билдиргендей, компенсация боюнча элден арыз-даттануу түшкөн эмес.

Торук айылында миңге жакын түтүн эл жашайт. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и же 85 пайызы такталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык...

Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусуна...

Аймак 2019-08-22  19:48

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасы...

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасы...

«Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө...

Аймак 2019-08-21  18:23

Өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол...

Өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол...

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна жасаган жумуш...

Аймак 2019-08-16  02:18

Абылгазиев Чаткал районундагы социалдык объектилердин абалы менен...

Абылгазиев Чаткал районундагы социалдык объектилердин абалы менен...

Өкмөт бпшчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чаткал районуна жасаган жумуш...

Аймак 2019-08-16  02:26

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусунда

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусунда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын...

Аймак 2019-07-05  08:46

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын...

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын...

Аймак 2019-07-04  15:18

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы Калкты тейлөө...

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы Калкты тейлөө...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын...

Аймак 2019-07-04  15:50