KELECHEK

Ташкенттик имам соцтүйүндөрдүн "түркөй" колдонуучуларын пахта теримге жөнөтүүнү сунуштады

Ташкенттик имам соцтүйүндөрдүн

Ташкент шаарындагы мечиттердин биринин имамы Рахматулло Сайфутдинов окуу жайларда жоолук салынуу боюнча пикирине социалдык түйүндөр аркылуу каршы чыккандарды пахта теримге жөнөтүү керектигин билдирди.

“Менин эркиме коюшса, ошол комментаторлордун баарын чогултуп, пахта теримге жөнөтмөкмүн. Бизде азыр пахта терим кампаниясы башталды. Жок дегенде пахта терип, мамлекетке кандайдыр бир пайда алып келишсин. Пахта талааларынан келгенде, колдоруна телефон алып, социалдык түйүндөргө комментарий жазганга алдары келбей катат”, - деди Рахматулло Сайфутдинов.

2-сентябрда имам “Өзбекстан 24” телеканалына маек берип, бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча өкмөттүн токтомун колдой турганын билдирген.

“Биздин балдарыбыз бирдей кийим кийүүсү керек. Себеби бул – тарбия берүүнүн бирден бир талабы. Кийим балдардын билим алуусуна таасир берет. Балдардын маданиятын калыптандырат. Бул учурда алардын арасында теңчилик пайда болот, тартип болот. Альхамдулиллях, бул – өтө жакшы чечим”, деген имам.

Имамдын мындай билдирүүсү Фейсбук социалдык түйүнүндө дин жактоочуларынын кескин сын-пикирине кабылган. Айрымдар аны ислам мыйзамдарынан баш тартып жатат деп айыптаган. Бирок 43 жаштагы имам Рахматулло Сайфутдинов аларды “түркөйлөр” жана “ушакчылар” деп атаган.

Өкмөт токтомуна ылайык, 2018-2019-окуу жылдарында окуучулар мектеп формасын ыктыярдуу түрдө, 2019-2020-жылдан баштап милдеттүү түрдө кие башташат.

Бирок бул документ динге ишенген айрым өзбекстандыктар тарабынан сынга кабылып, дин тутуу эркиндигин чектөө катары бааланууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Маркум Түркмөнбашынын үй-бүлөсү Берлиндеги курулушка миллиондогон...

Маркум Түркмөнбашынын үй-бүлөсү Берлиндеги курулушка миллиондогон...

Түркмөнстандын маркум президенти Сапармурад Ниязовдун жесири менен уулу

Мурдагы...

Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт

Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген, Украинанын Одесса...

Түркмөн телеканалы жасаган кылмыштары үчүн өкүнүп, ыйлаган кишилер...

Түркмөн телеканалы жасаган кылмыштары үчүн өкүнүп, ыйлаган кишилер...

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалында жасаган кылмыштарын...

АКШ: түркмөн-ооган чек арасында кырдаал канааттандыраарлык

АКШ: түркмөн-ооган чек арасында кырдаал канааттандыраарлык

АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс (Alice Wells) түркмөн-ооган...

Грузиянын шайланган президенти Орусияны адам уурдоого айыптады

Грузиянын шайланган президенти Орусияны адам уурдоого айыптады

Саломе Зурабишвили

Грузиянын шайланган президенти Саломе Зурабишвили Орусиянын Украина жана...

Түркмөн пенсионерлери тирүү экенин ырастап турууга мажбур болушууда

Түркмөн пенсионерлери тирүү экенин ырастап турууга мажбур болушууда

Түркмөнстан (архив сүрөт)

Түркмөнстанда пенсионерлер алты...

АКШда тыюу салынган түркмөн пахтасынан жасалган товарлар сатылууда

АКШда тыюу салынган түркмөн пахтасынан жасалган товарлар сатылууда

Америка Кошмо Штаттарында түркмөн пахталарынын сатылып жатканы...