KELECHEK
rek

Өлкөдө бала сатуу фактысы боюнча дарыгелер кармалды

Өлкөдө бала сатуу фактысы боюнча дарыгелер кармалды

Бишкекте бала сатуу фактысы боюнча төрөт үйлөрүнүн биринин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Кармалган эки адамдын бири камакка алынды. Бул жыл башынан бери бала сатууга байланыштуу катталган бешинчи факты болуп калды. Бирок адистер мындай көрүнүш мындан да көп болушу мүмкүндүгүн эскертип, алдын алуу чараларын күчөтүүнү эскертип келишет.

Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалганы тууралуу маалымат 7-сентябрда ачыкка чыкты. Анда эки адам колго түшкөнү, алардын бири камакка алынганы айтылган. Кийин беш адам кармалып, анын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова тергөө аяктаган соң гана толук маалымат берилерин билдирди:

- Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында бала сатууга шектелип адамдар кармалган. Учурда иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатат. Калган маалыматтарды ошол иштин башка чаралары көрүлгөндөн кийин, тактоо иштери жүргөн соң беребиз. Канча киши кармалды, алар ким болуп иштечү, баарын тактап айтабыз.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, дарыгерлер баланын ата-энесине балаңар чарчап калды деп айтышкан. Айрым маалымат каражаттары ал тургай кармалган учурда медиктердин автоунаасынан балдардын жансыз денелери табылганын жазды.

Алгач, окуя тууралуу кабар тарагандан кийин Саламаттык сактоо министрлиги аларга тергөөчүлөр маалымат бере электигин айтып жатышкан. 10-сентябрда гана алар билдирүү алышканын, өз алдынча иликтөө башташканын жарыялашты. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева “Азаттыкка" буларды билдирди:

- Бишкектеги бала сатуу фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча жумушчу топ түзүп, иликтөө иштерин баштады. Азыр укук коргоо органдары иштеп, тергөө жүрүп жатат. Окуяга кайсы бейтапкана, кайсы дарыгердин катышканы ошол иштер бүткөндөн кийин ачыкка чыгат. Атайын жумушчу топ соңку фактыдан кийин мамлекеттик жана менчик төрөткана, клиникалардын баарын текшерип чыгат.

2017-жылы Бишкек шаарында үч айлык баланы 10 миң сомго сатуу учурунда үч аял кармалган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөөлөр жүрүп жатканы айтылганы менен айыптуулар жазасын алган-албаганы белгисиз.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...