KELECHEK
rek

Ким Чен Ын Дональд Трамп менен жолугууга кызыкдар

Ким Чен Ын Дональд Трамп менен жолугууга кызыкдар

Ким Чен Ын менен Дональд Трамп. Сингапур, 12-июнь 2018-жыл

Дүйшөмбүдө АКШ Түндүк Кореяга байланыштуу бири-бирине каршы келген эки билдирүү жасады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс президент Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындан «өтө жакшы» кат алганын, анда Пхеньян эки өлкө башчысынын жаңы саммитин өткөрүүгө кызыкдар экендиги жазылганын билдирди. Анын айтымында, Сингапурдагы жолугушуудан кийин Түндүк Корея тараптан өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эч кандай аракеттер болбогонуна карабастан, Трамп өз аппаратына жаңы жолугушууга даярдануу буйругун берди.

Андан бир нече саат мурда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтон америка-түндүк корея мамилелеринин учурдагы абалын «айласыз» деп мүнөздөгөн. «Биздин эшигибиз ачык турат. Бирок Түндүк Кореяны ага киргизе албай жатабыз. Тактап айтканда, Пхеньян өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эч кандай кадам жасаган жок. Биз Түндүк Кореядан дал ушундай кадамды күтүп жатабыз», — деди Болтон.

Өткөн айда Трамп стратегиялык диалогдо жылыш болбой жаткандыгын жүйө келтирип, мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Пхеньянга боло турган сапарын токтоткон. Бирок жекшембиде АКШ президенти Түндүк Кореядагы парадда баллистикалык ракеталар көрсөтүлбөгөнүн жакшы көрүнүш катары баалады. «Бул өтө жакшы белги. Төрага Кимге рахмат. Биз баарына алардыкы туура эмес экенин далилдейбиз. Бири-бирин жакшы көргөн эки адамдын диалогунан өткөн эч нерсе жок», — деп жазды Трамп «Твиттерге».

Ак үй ошондой эле Пхеньянда өткөн парад маалындагы транспаранттардын көбүндө өлкөнүн аскердик кубатын арттыруу жөнүндө эмес, экономикалык өнүгүү тууралуу жазылганын жакшы белги катары баалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52