KELECHEK

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көчөлөрдү кеңейтүү максатында быйыл 341 түп бак-дарактар кыркылып, жашыл шаар  жылаңачтанып, такыр шаарга айланып бара жатат. Бул экологияга жана адамдардын ден-соолугуна өзүнүн терс таасирин тийгизүүсү толук ыктымал. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда 1 миллион 200 миңге жакын адам жашаса, облус борбору болгон Жалал-Абад шаарында 120 миң калк бар. Бул облус калкынын 9 пайызын гана түзөт. Облустук мамлекеттик статистика башкармасынын үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы маалыматына караганда, транспорттун бардык түрү менен жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү облуста 460 миң болсо, Жалал-Абад шаарында 134 минге жакын болуп, биринчи орунду ээлеген. Жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү боюнча облустун башка район-шаарларына салыштырганда Жалал-Абад шаары 29 пайызды түзгөн. Ошондой эле, өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга өскөн.

https://datawrapper.dwcdn.net/20AZH/1/

Жалал-Абад шаарында жүргүнчүлөр агымынын көп болуусу бул 200 миңден ашык калкы бар Сузак районунун шаардын тегерегинде жайгашкандыгы үчүн болуп жаткандыгын  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Облуста калкынын саны боюнча 1-орунда турган Сузак районунун ушул кезге чейин өзүнүн борбордук базары, автобекети жок. Ошого байланыштуу күндө болжолдуу 60 миңге жакын адам Жалал-Абад шаарына агылып келип, базардан соода-сатык кылышса, дыйкандар өзүнүн түшүмүн базарда сатыш үчүн келип-кетип турушат. Мурдагыдай чоң автобустар жок болгондуктан, элди жеке менчик маршруткалар менен жеке автоунаалар тейлейт. Алар баары шаардык мэриянын жанында жайгашкан борбордук базардын айланасындагы Ж.Бакиев, Чехов көчөлөрүнө жана “Береке” базарынын ичине токтоп, ошол жерден элди ташып турушат.

Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетекчиси Адылбек Жумашевдин берген маалыматына караганда, облус боюнча 25 жүргүнчү ташуучу ишкана 8 миң 233 кичи автобус менен тейлешет.

- Адылбек Абдыганиевич, эмне себептен Сузак районунун айылдарына автобекеттен маршруттук таксилер кетпейт? Аларды автобекетке жайгаштырса болбойбу?

- Сузак районунун айыл-кыштактарына каттаган 205 кичи автобус, 1,5 миңден ашык женил такси Жалал-Абад шаарындагы жападан жалгыз автобекетке батпайт.  Себеби, ал жерде облустун район-шаарларына: 8 шаарга жана 7 районго жүрүүчү жүргүнчүлөрдү тейлейт. Автобекет болгону 1000 эле жүргүнчү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Жалал-Абад шаарындагы базардан тиричилик үчүн продукталарын көтөрүп алып жүргүнчүлөр автобекетке келбейт. Андан көрө кымбат болсо да жеңил таксиге отурат. Ансыз деле автобустук каттамдар кыйынчылыктар менен жеңил автоунаа таксилердин адилетсиз башаламан теңтайлашуусуна чыдап иштеп келишүүдө. Сузак районунун бардык айыл, кыштагына каттаган каттамдар аргасыздан Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын айланысына токтойт. Эгерде ал маршруткаларды ал жерге токтотпой койсок, жыйынтыгында 200дөн ашык кичи автобустун (маршруткалар) айдоочулары жумушсуз калып, үй-бүлөлөрү оор акыбалга түшөт. Маршруткалар менен жүргөн Сузак районунун эли (жүргүнчүлөрдүн 70 пайызын түзгөн) бир гана таксиге күнү калат. Экинчиден, жүргүнчүлөр арасында арыздар, социалдык жарылуу пайда болот.

Сузак районунун жергиликтүү бийлиги өздөрүнүн дыйкандары өндүргөн жашылча-жемиштерин, азык-түлүк товаларын сатууга ылайыктуу борбордук базарды ачууну ушул кезге чейин ойлоно да элек окшойт?.. Калктын күндөлүк тиричилигин жеңилдетүү маселесин Сузак районунун жергиликтүү бийлиги Жалал-Абад шаардык мэриясына жүктөп койгондой сезилет. Быйылкы жыл КР Презеденти С.Жээнбеков тарабынан “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп аталганына байланыштуу, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы айылдарда жашаган калктын кызыкчылыгын ойлоп, эч кандай иш-чара өтпөй бош жаткан ипподромду райондун борбордук базары менен авобекетине айлантууну жергиликтүү депутаттар менен биргеликте бир карап көрүшсө жакшы болчудай.

Жалал-Абад облустук ИИБгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Төрөбай Бекбергеновдун берген маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын аймагында 13 миң 712 автоунаа каттоодо турса, анын ичинен 12 миң 367 автоунаа менчик, 1345 автоунаа мамлекеттик каттоодо.  

“Жалал-Абад шаары облустун борбору болгондуктан ар кайсы район-шаарлардан, айылдардан агылып келген автоунаалардын саны божомол менен күнүнө 17 миңден 18 миңге чейин кирип-чыгып турушат. Былтыркы жылга салыштырмалуу автоунаанын саны да быйылкы жылы 1000 автоунаага көбөйгөнү байкалууда. Жаңы окуу жылынын ачылышына да автоунаалардын саны да көбөйүүдө”,- дейт Т.Бекбергенов.

Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департамаентинен алынган маалыматка караганда, облуста бардыгы болуп 84 миң 159 жеңил автоунаалар бар. Анын ичинен жеке жактардыкы 82 миңден ашык, юридикалык жактардыкы 2 миңден көбүрөөктү түзөт.  Жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын жалпы саны 1 миңге жакын  болсо, анын 550гө жакыны жеке жактарга таандык. Кичи автобустар (маршруттук таксилер) – 2278 болсо, анын 2 миңден ашыгы жеке жактарга, 170ке жакыны юридикалык жактарга катталган.

Мэриянын жанында жайгашкан борбордук базардын айланасындагы Ж.Бакиев көчөсү менен Чехов көчөсүнүн кесилишиндеги автоунаа токтоочу жайды шаардын сыртына көчүрүүгө болобу? – деген сурообузга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматов төмөндөгүдөй жоопту берди:

- Борбордук базардын айланасындагы Ж.Бакиев көчөсү менен Чехов көчөсүнүн кесилишиндеги автоунаа токтоочу жайды башка жакка көчүрүү боюнча маселе изилденүүдө. Борбордук базар болгондуктан автоунаа койбой коюуга болбойт. Ошондуктан көп кабаттуу унаа токтоочу жай курууга долбоорду даярдоо иш-аракеттерин жургүзөбүз.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын башчысы Болот Жусупбековдун берген маалыматына караганда, мэриянын жанында жайгашкан борбордук базардын айланасындагы Ж.Бакиев көчөсүнөн “Юг-Сити” соода борборуна чейинки аралыктагы автоунаа токтоочу жайдан айына 50 миң сомго жакын каражат топтолот. Бул жалпы автоунаа токтоочу жайлардан түшкөн каражаттын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Вице-мэр Урмат Маматовдун берген маалыматына караганда, шаардын көркүн бузуп, элге жөө басууга мүмкүндүк бербеген мэриянын жанында жайгашкан борбордук базардын айланасындагы Ж.Бакиев көчөсү менен Чехов көчөсүнүн кесилишиндеги автотыгын болгон жерди иретке келтирүү боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2017-жылдын 17-сентябрындагы №335 токтому чыккан. Ал токтомдун негизинде жүргүнчүлөрдү ташууда кызмат көрсөткөн кичи автобустарды иретке келтирүү жумуштары аткарылып жатат.

Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Тыныбек Жоробаевдин берген маалыматына караганда, шаардык мэриянын жанында жайгашкан борбордук базардын айланасындагы Ж.Бакиев көчөсү менен Чехов көчөсүнүн кесилишиндеги автоунаа токтоочу жайдын санитардык абалы талапка жооп бербейт.

“Анткени, ал жер автоунаа токтоочу жайга ылайыкталган эмес. Ошондой эле биздин кызматка уруксат алуу үчүн эч ким кайрылган жок”, - деп жооп берди Т.Жоробаев.

Айрым адистердин айтымында, биздин өлкөгө чет жактан келип жаткан автоунаалардын көпчүлүгүнүн мөөнөтү өтүп, колдонууга жараксыз болуп калгандар. Биздин жарандар автоунаанын баасынын арзанына карап сатып алышып, аны дагы 10-15 жыл минишет. Швецияда 5 жыл колдонгон автоунаанын ээси эскирип калды деп заводго алып барып тапшырып, анын ордуна жаңысын алышат. Бул тууралуу 2004-жылы аталган мамлекетке барганда угуп, автоунаа чыгаруучу заводдо эски автоунаалар тизилип турганын көргөн жайым бар. Мунун негизги себеби, эскилиги жеткен автоунаалардан чыккан күйүүчү майдын зыяндуу жыты айлана-чөйрөнү булгап, экологияга жана адамдардын ден-соолугуна өзүнүн терс таасирин тийгизет.

Автотыгын көп болгон жердеги абанын булгануусун текшерип берүү өтүнүчү менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын региондор аралык башкармалыгына кайрылган элек. Аталган башкармалыктын  башчысынын орун басары Мурат Эрбаевдин берген маалыматына караганда, абанын булгануусун аныктоо үчүн атайын адистер көчмө лаборотория аркылуу текшерүүсү керек экен. “Ал лаборотория Кадамжай районунда жана Бишкек шаарында жайгашкан. Лабороторияны алып келип, текшерүү көп убакытты талап кылат. Аз убакыт аралыгында текшерүү мүмкүн эмес”, - дейт М.Эрбаев.

Быйыл жай айында тез жардамга кайрылгандар көп болгон

Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан Глобалдык жылуулуктун белгилерин быйыл жай айында Кыргызстан, анын ичинде Жалал-Абад шаары да жакшы эле сезди десек болот. Климаттын өзгөрүшү көптөгөн мамлекеттерде ар кандай табигый кырсыктарды алып келди. Жайында салкын болгон Европа мамлекеттеринде да күндүн өтө ысыганынан улам жапжашыл парктар, талаалар, бактар саргайып күйүп калганын Би-Би-Си кыргыз кызматы өзүнүн берүүсүндө баса белгилеп айтышты. Европада токойлор өрттөнсө, кээ бир Азия мамлекеттеринде суу ташкындарынан көптөгөн адамдар жабыр тартышты. Кыргызстан менен Тажикстанда селдин жүрүүсү көп катталып, тоолордо көчкүлөр болду. Бул табигый кырсыктардын баары дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу болуп жатканын окумуштуулар байма-бай айта баштады. Глобалдуу ыссыктын себептерин  изилдеген окумуштуулардын айтымында, клматтын өзгөрүүсү бул  атмосферага  бууланган газдардын чыгууларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу. Ошол себептен, абага зыян келтирген парник газын кыскартып, көбүрөөк бак-дарактарды эгүү жагын экологдор сунуштап жатышат.  

Жалал-Абад облустук саламаттык сактоонун координатору Маматжан Мияновдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын жай айларында шаарда жүрөк-кан тамыр жана кан басымынын көтөрүлүшү, дем алуу органдарынын оорулары тез жардам кызматын үйлөрүнө чакыргандардын саны арбыган. Айрыкча жайдын аптап ысык күндөрүндө кечинде тез жардамга чалуулар көп болгон.

- Бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүндөгү глобалдуу проблема – бул климаттын өзгөрүүсү болуп жатат. Буга адамдар өзү да күнөөлүү деп ойлойм. Тазалыкты сактабай, экологиягы аяр мамиле жасалбай жаткандыгы да бир себептерине кирет. Жалал-Абад шаарында облус калкынын 9 пайызы гана жашаса, анан жүргүнчүлөр каттамы 30 пайызды түзүп жатышы бул жакшы нерсе эмес. Биздеги автоунаалардын баары чет өлкөдө жараксыз деп табылган автоунаалар болуп жатат. Ошол автоунааларды биздин жарандар сатып алып, сүйүнүп минип жүрүшөт. Эски автоунаалардан чыккан абаны булгаган зыяндуу газдарды текшерген бизде аппараттар жок. Быйыл жайкы климаттын өзгөрүшүнө биз өз көзүбүз менен күбө болдук. Былтыр мен Арабияга барганда 50 градус ысык болчу. Быйыл бизде тоолуу Кыргызстанда аптапта күндүн 40-45 градуска чейин ысышы бир топ өнөкөт оорулардын күчөп кетишине алып келди. Кыргызстан боюнча эң көп оорулардын саны жүрөк-кан тамыр, кан басымы, баштын оорулары, өнөкөт оорулары көбөйүп жатат. Күндүн демейдегиден көп ысышы 1 жашка чейинки балдарга, кары-картаңдарга өтө катуу таасир этет. Ошол себептен, шаарда бак-дарактарды көбөйтүп, бир бак-дарак кыйсаң, анын ордуна 5-6 дарактарды тигүү керек. Шаарда таштандыны ар кайсы жерге таштайбыз, бул экологияга терс таасирин берет. Жалбырактарга кошуп бир эле желим бөтөлкөнүн же желим баштактын өрттөлүшү абанын булганышына алып келет. Желим ар кандай  буюмдар нефтинин калдыктарынан жасалгандыктан, анын күйгөн жыты онкологиялык оорулардын келип чыгышына түрткү болот, - дейт М.Миянов.

Жалал-Абад облустук медициналык маалымат борборунан алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын жарым жылында Жалал-Абад шаардык тез жардам бөлүмүнө  жүрөк-кан тамыр оорулары менен 957 адам, дем алуу органдарынан жабыр тартып 715 адам кайрылып, медициналык жардам алышкан.

Жашыл шаар – такыр шаарга айланып калбайбы?

Пушкин көчөсү.

Союз учурунда Жалал-Абад - жаштар шаары аталып, көчөлөрүндө көйкөлгөн барак-дарактары менен өтө кооз көрүнүп турчу. Азыркы учурда борбордук Пушкин, Чехов көчөлөрүндөгү кыйылган бак-дарактардан улам, күндүн аптабында жөө адам жүрүүгө мүмкүн эмес. Кан басымы жогору болгон адамдар күндүзү үйүнөн чыкпай эле отурушу керек.

Жолдорду кеңейтебиз деп чынардай болуп өсүп турган бак-дарактарды жылда кыйып кете берсек, келечекте экосистема жабыркап, шаарда жашаган адамдардын ден соолугуна жана экологияга бул олуттуу терс таасирин тийгизип, акырында такыр шаарга айланып калбайбы?.. Бир дарактын көктөп жетилиши үчүн да бир нече жыл талап кылынат.

Кыргыз Республикасы көчөсү.

Жылда миңдеген акча коротуп эккен жашыл көчөттөрдүн тең жарымы куурап, же түбү менен уурдалып, сындырылып калууда. Бак-дарактар биз дем алган көмүр кычкыл газын бөлуп чыгарат эмеспи.

Чехов көчөсү.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматовдун берген маалыматына караганда,  шаарда көчөлөрдү кеңейтүү аракеттери менен 2016-жылы Ленин көчөсүн кеңейтүүдө 67 түп ар түрдүү породадагы дарактар кыркылган. Аталган көчөгө 2017-жылы 196 түп можевельник дарагы эгилген.

“Ал эми 2018-жылы шаардагы көчөлөрдү кеңейтүүдө тоскоол жараткан дарактарды кыркууга Жалал-Абад облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы тарабынан 341 түп даракты кыркууга уруксат алынган. Пушкин көчөсүн кеңейтүүдө 170 түп ар түрдүү породадагы дарактар кыркылды жана азыркы Чехов көчөсүн кеңейтүүдө тоскоол жараткан 234 түп дарактарды кыркууга уруксат алынып, кыркуу иштери жүрүп жатат. Жолду кеңейтүү ишин жүргүзүп жаткан фирма дарактарды акты менен бизге өткөрүп берүүдө”, - дейт У.Маматов.

Пушкин көчөсү.

Жолдорду кеңейтүү ишин жургүзүп жаткан фирмалар кыркылган бак-дарактардын ордуна кайра жаңы дарактардын көчөтүн отургузуу үчүн орун калтырбай жумушту жасап жатканын байкоого болот. Эмне себептен кеңейтилген жолдордун четине бак-дарак эгүүгө орун калтырылган эмес? – деген суроо менен тиешелүү жетекчилерге жана шаардык кеңештин депутаттарына кайрылдым.

Чехов көчөсү.

Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркулов: - Жолдорду куруп жаткан фирмалардын долбоорунда баары каралган. Алар бир кыркылган дарактын ордуна эки дарак эгилиши керектигин долбоордо көрсөтүп коюшкан. Кээ бир жерине эгилбей калса, башка жагына эгилет. Эгерде долбоордон чыгып кетишсе иш кабыл алынбайт. Азыр иш толук бүтө элек. Жаздын келиши менен кыркылган бак-дарактардын ордуна жаш көчөттөр отургузулат. Бир бак-даракты өстүрүп-жетилтиш үчүн 10-20 жыл керек. Эми шаарда жолду кеңейтүү керек экен, аргасыздан бак-дарактар кыйылып жатат.

Чехов көчөсү.

Жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты, азыр вице-мэр болуп иштеп жаткан Майрамбек Адылбеков: - Мен атайын кызыгып Пушкин көчөсүнүн долбоорун карап чыккамын. Пушкин көчөсүндөгү жолдун долбоорундагы бак-дарактарды эккенге орун калтырылганы схемасында бар. Ал эми Чехлов көчөсүнүн бир тарабында башында бак-дараккка орун жок. Чынын айтсам, башында Чехов көчөсүнүн эки тарабына тең бак-дарак эгүү каралбай калган экен. Кийин депутаттар айткандан кийин, кошумча киргизип, оңдоп бак-даракты эгүүгө орун калтырабыз дешкен. Анан канчалык деңгээлде оңдошту, ал боюнча кабарым жок.

Шаардык кеңештин депутаты Упел Парханова: - Жакында депутаттык комиссия Чехов көчөсүндө жүрүп жаткан жолдун курулуш иштерин текшерип келишкен. “Жолдогу жарыктандырууну ортого жылдырган үчүн бак-дарактарга деп калтырылган орун жөө жүргүнчүлөрдүн жолуна кирип кетиптир. Мен да эмне себептен бак-дарак эккенге орун калтырылган эмес? - деген суроону берсем, жолдун өлчөмүн салыштырганда чекедеги жарыктандырууну жылдырыш керек болуп калды. Чекедеги жарыктандырууну ортого койгондо, бак-дарактардын орду жөө басуучу адамдарга жол болуп асфалтталып кетти деген түшүндүрмө беришти.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев: - Долбоор боюнча Чехов көчөсү Байзаков көчөсүнө чейин мурда бир тараптуу эле. Комиссия карап чыгып,  биз өзгөртүү киргиздик. Ортосуна колумба калтырдык. Ошол жерге бак-дарактар отургузулат. Эми көчө эки тараптуу болуп, жаңы жарыктандыруу коюлат. Чоң бир көчө пайда болгону жатат.

Чехов көчөсүн кеңейтүү иштерин жасап жаткан “Адис” фирмасынын өкүлү Руслан Шерматовдун сөзүнө караганда, жолдун 790 метрин кайра куруу керек болсо, учурда алар 165 метр аралыкты бүтүрүшкөн. Бирок, бүтүргөн аралыктагы арыктын боюнда кыркылган бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузганга орун калтырбай, жөө адамдар басуучу жолго кошуп, асфалттап салышкан. Долбоордо кандай экендигин көрөйүн десем, Шерматов 500 барактуу экенин жүйө кылып, көрсөтүүдөн баш тартты. Буга чейин бул фирманын жолду асфалттаганы боюнча социалдык тармактарда аяябай эле чоң талкуу жүргөн эле. Анан депутаттык комиссия түзүлүп, текшерип чыгышып, бир нече кемчиликтерди табышкандыгын журналист Санрабия Сатыбалдиева билдирди.

“Бардык иштер долбоордо көрсөтүлгөндөй жүргүзүлүп жатат. Курулуп жаткан жолдун ортосунан жашылдандырууга деп 1 метр жана жолдун ар кайсы жерлерине бөлүкчө-бөлүкчө кылып орун калтырдык. Жолду куруу долбоорун айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы бекитип берген. Кыйылган бак-дарактардын ордуна кайра жаңы көчөттөрдү эккенге биз жооптуу эмеспиз, аны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы аткарат. Биз долбоор боюнча гана иштейбиз”, - деди Р.Шерматов.

Ооба кошумча оңдолгон долбоор боюнча чекедеги жарыкты жолдун ортосуна жылдырып, ал жерге колумба кылып эми гүлдөр эгилет экен. Бирок, жол эми эки тараптуу болуп кеңейгени менен мурдагы кыйылган бак-дарактардын ордуна кайра жаңы даракты көчөттөрү эгилбейт. Кайсы жерде орун болсо, ошол жерге гана бак-даракты отургузушат. Эң өкүнүчтүүсү адамдар жолдо бара жатканда күндүн аптабында башына ыссык өтүп, ар кандай ооруларга чалдыгышы толук ыктымал. Биз транспорт үчүн шарт түзбөй, адамдар үчүн жакшы шарт түзгөндү үйрөнсөк жакшы болмок.

Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Сабырбек Томоевдин берген маалыматына караганда, дарактарды коргоону, сактоону, багууну жана коргоого, сактоого багытталган технологиялык, санитардык жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү болушат.

“Көчөлөрдү кеңейткенде, газ жана суу түтүктөрүн коюп жаткан мезгилде атайын долбоору менен бизге алып келишет. Алар комиссия менен карап чыгып, кайсы дарактарды кыркуу керек деп өз алдынча чечим кабыл алгандан кийин гана бизге макулдашуу үчүн кайрылышат. Биз карап чыккандан кийин, анан макулдук беребиз. Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан дарактар куураганда, чиригенде, адам өмүрүнө жана башка ар түрдүү курулуштарга кооптуу абал жараткан учурларда бак-дарактарды кыйуу чечими кабыл алынат. Эс алуу парктардагы жана жол боюндагы бак-дарактарды көзөмөлдөө функциясын бизден 2012-жылы алып койгон. Бак-дарактардын абалына экологиялык жана техникалык инспекциясы тарабынан пландуу иш-чараларынын негизинде көзөмөл жүргүзүшөт”, - дейт С.Томоев.

Ал эми Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын региондор аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурат Эрбаевдин берген маалыматына караганда, эгерде жолдорду куруп жаткан ишкана долбоордо көрөтүлгөндөн сырткары иш алып барса, анда алар аткарган иш мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алынбашы керек.

“Ар бир аткарыла турган жумушка долбоор түзүлөт. Биз долбоордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөбүз. Долбоорду түзүп жатканда бардык тиешелүү мекемелерден уруксат кагаздары, макулдук алынат. Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы долбоорго кошумча кылып экосистема боюнча экологиялык корутунду беришет. Экотехинспекция курулуштун туура курулуп жатканына, долбоор менен иш алып барылып жатканына көзөмөл кылабыз. Ал эми калган дарактарды кыюу, кайра отургузуу боюнча долбоордо каралышы керек. Чехов көчөсүндөгү курулуштун эми гана 15 пайызы бүтүптүр. Биз долбоордогу жумуш толук аткарылып бүткөндөн кийин гана өзүбүздүн корутундуну беребиз. Эгерде долбоордо бак-дарактарды эгүү каралып, ал аткарылбай калса, анда ишти мамлекеттик комиссия кабыл албайт. Жалпы долбоор толук бүткөндөн кийин ар бир тармак өзүнүн корутундусун берет. Курулуш ишканасы долбоордо көрсөтүлгөндөн чыгып кетсе, анда алар ишти кайрадан жасап чыгышы керек. Долбоорду аткарбагандыгы үчүн КР Административдик кодексинин негизинде айып салынат. Фирманын ишин убактылуу токтотобуз, же лицензиясын, сертификатын токтотуу боюнча тиешелүү органдарга сунуш берилет”, - дейт М. Эрбаев.

“Арча демилгеси” коомдук уюмунун байкоочу кеңешинин төрагасы Эмил Шүкүровдун ЖМКга берген маегинде, экологиянын төмөндөшү түздөн-түз кишилерде өнөкөт ооруларды пайда кылып жатат. Эл Европага окшошом деп, бардык нерсени жасалма жол менен аткарууга өтүп алышкан. Кадимки эле, жашыл газондор, сыртынан жашыл көрүнгөнү менен жансыз, анын пайдасы деле жок.

- Көз карандысыздыкты алгандан кийин баары эле Европага окшогусу келди. Жада калса курулуш, жашылдандырууну да Европадан ала баштадык. Жашылдандыруу шарттары туура эмес жол менен жасала баштады. Европалыктардай болуп жашасак, бактылуу болобуз деген түшүнүк болгон. А аларда болсо табигый жашылдандыруу жок болгондуктан, бак-дарактар кооздук үчүн гана отургузулган. Бизде дагы тилекке каршы, ошол жолго өттүк. Жашылдандыруу иштери кооздук менен эле чектелбей, саламаттык үчүн дагы болуш керек. Кайсы бир тараптарга убактылуу отчет үчүн керек болгон кооздуктун кереги жок, - деп жооп берген эколог Э.Шүкүров.

Эс алуу парктарындагы бак-дарактар быйыл суусуз калды

Шаардын борборунда жайгашкан 7,5 га аянтты түзгөн Токтогул эс алуу багында 10 жыл мурун 583 ар кандай бак-дарактын түрлөрү болсо, азыркы учурда анын саны 70ке кыскарган. Көпчүлүк бак-дарактардын эскилиги жеткен. Мында көбүнчө жаш балдар көңүл ача турган атракциондорго көнүл бурулуп, бак-дарактардын каралышы көнүл жаздымда калган. Арыктары чабылбаган жана быйылкы жылы жайы менен бир да суу коюлбаган. Жаз келгенде да парктын ичи тазаланган эмес. Акыр-чикирлер атракциону жок жерлерде жайнап турат. Жаш көчөттөр дээрлик отургузулбаган десек да болот. Айрым бак-дарактар ооруга чалдыккан.

Ал эми шаардын чет жагында жайгашкан 14,5 га аянтты түзгөн “Жеңиш” эс алуу багында мындан 10 жыл мурун 1932 ар кандай бак-дарактын түрлөрү болсо, азыркы учурда алардын саны 27ге азайган. Бул эс алуу багынын аянты чоң жана бак-дарактар жаш болуп, жыш отургузулган. Учурда эс алуу багындагы арыктары тазаланбай, чөптөрү орулбай, эл баспаган жерлери сугарылбай калгандыгы аралып чыкканда эле көзгө урунат. Союз учурунда иштеген партиялык

жетекчилердин иш билгилиги менен эгилген бак-дарактарды азыркы жетекчилер көзөмөлгө алып, кам көрүп коюшса жакшы  болмок. Бир гана 9-майда Улуу Ата мекендик согуштун Жеңиш күнүндө өчпөс отко гүл койгондо гана келбестен, шаардын ичин кээде жөө кыдырып, эс алуу бактарын, көчөлөрдөгү эгилген жаңы көчөттөрдүн кыркылып кеткендерине кызыгып турушса болчудай.

Шаардын вице-мэри Урмат Маматовдун берген маалыматына караганда аталган эки эс алуу багында 34 жеке ишкерге ижарага жер тилкелери берилген. Эки эс алуу бактын жылдык кирешеси 2 млн. 338  миң сомго жакын болуп, бул шаардын бюджетине түщөт. Ушул акча каражаттын бир бөлүгүн эле эс алуу бактарынын тазалыгы менен жаңы көчөттөрдү эгүү, сугаруу, кароо жумуштарына  бөлүп койсо, сооп иш болмок.

М.Тагаев: “Шаарды - Андижандай кылып өзгөртөм”

Акыркы мезгилдерде кыргыз өкмөтү “Жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө көп көңүл буруп жатат. Ошону менен бирге “Жашыл шаар” деген терминдер да көп айтыла баштады. Жашыл экономика деген – бул экономикалык жана социалдык өнүгүү. Ошол эле учурда жашыл экономика жаратылышты сактайт. Жашыл экономиканын ар кандай багыттары бар. Мисалы: жашыл (таза) энергия - бул деген шамалдын, суунун же күндүн энергиясы. Бишкетеги ЖЭБ көмүр жагуу менен электр энергиясын өндүрөт. Бул деген экологияга зыянын тийгизет, ошондуктан муну жашыл же таза энергия десе болбойт.

Ал эми “Жашыл шаар” болуш үчүн – шаардын башкы планын кабыл алып, андан кийин алтернативалуу энергия булактарын пайдаланууга ыкташуу, күнөсканаларда органикалык таза жашылча-жемиштерди өстүрүү багытына өтүү зарыл. Көчөлөрдү кеңейтебиз деп эсепсиз бак-дарактарды кырка бербестен, болушунча көбүрөөк эгип, ага кам көрүү жагын эстен чыгарбайлы. Веложол жана жөө адамдар жүрүүчү атайын көчөлөрдү куруу менен шаардын борбордук көчөлөрүндөгү автотыгындарды жок кылуу керек.

Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев шаардын башкы планын (генпланын) түзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн. сом акча каражаты каралганын жана шаарды жашыл шаарга айлантуу боюнча Андижан шаарына барып келишкенин билдирди. Ошондой эле, “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата КР Өкмөтү тарабынан тандалып алынган 20 таяныч шаардын ичинде Жалал-Абад калаасы да кирип, бул багытта иштер жүрүп жатыптыр.

- 2018-жылга шаардын башкы планын түзүүгө 1 млн. сом акча каражаты каралган. Бүгүнкү күндө 200 миң сом акча каражатын которуп бердик. Биз Бишкек долбоорлоо институту менен келишим түзгөнбүз. Алар жакында шаарга келишип, менин кабыл алуумда болушту. Бүгүнкү күндө шаардын башкы планы боюнча иш кетип жатат. Буга чейин 1972-1978-жылдары, кийин 2005чи же 2009-жылдары каралган болсо, буга чеийн шаардын генпланы жок экен. Долборлоо институту генпландын үстүндө иштеп жатат. Эгерде жергиликтүү бюджеттен 30 пайыз кошумча каржылоо болсо, 70 пайызын республикалык бюджеттен колдоо болот деген маалыматыбыз бар. Бул 6-7 млн. сом акчаны талап кылат. Бүгүнкү күндө депутаттар акча каражатын бөлүп берип, иш кетип жатат.

Жакында биз шаардык кеңештин депутаттары менен Өзбекстандын Андижан шаарына барып келдик. Мен жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын жетекчисин да алып барып, ага ал шаардагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кандай болсо, биздин шаарда да так ошондой жасайсын деп талап коюп жатам. Кечиндеги жарыктандыруусу да дал ошолордукундай болуш керек. Андижанда жылына 3,5 метрден өскөн дарак бар экен.  Кооз да, бат да өсөт. Ал шаарда Союз убагындагы бир да бак-дарактар калбаптыр. Баарын кыйыптыр. Анын ордуна алар Крым соснасын, полония деген даракты, арчаны эгишиптир. Дарактын үч түрү эгилет экен. Бул шаарга көрк да берип турат. Эгерде биз да Андижандай кылып өзгөртүп, шаарга жаңы көрк беребиз десек, анда эски бак-дарактардын баарын алып, ордуна жаңы бак-дарактарды эгишибиз керек. Ал үчүн 2019-жылга шаардык кеңештин депутаттарына сунуштайбыз. Эгерде колдоо тапсак, ушунун үстүндө иш алып барабыз. Келээрки жылы тротуарларды көбүрөөк жасайлы деп жатабыз. Себеби тротуарлардын абалы мышык ыйлай турган болуп турат, - дейт М..Тагаев.

Мэриядан алынган маалыматка краганада, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине 730 миң сомго жакын акча каражаты жумшалган. Бирок, кээ бир көчөлөрдүн боюна эгилген арчалардын көчөттөрүн түбүнөн кыркып кеткен учурлар да жок эмес.

Айрымдары күндүн ысыгында куурап да калышты. КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен 2800 түп бадам, каштан, терек, алма, көчөттөрү алынып мектеп, бала бакчаларга, эс алуу жайларына эгилген. Мындан сырткары, аталган агенттик тарабынан “Жалал-Абад – Тазалык” ишканасына 2 даана таштанды ташый турган атайын автоунаа 4 млн. сомго алынып берилген.

Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн Жалал-Абад илимий борборунун директорунун милдетин аткаруучу Нуридин Жунусовдун берген маалыматына караганда, шаарда жашыл энергетиканы алдыга жылдыруу максатында өздөрүнүн эки имаратын күн энергиясы менен жылытуу жана жарыкты алуу үчүн аракеттери жүрүп жатыптыр.  Ошондой эле, шамал энергиясын алуу багытында Көк-Арт ашуусуна жабдууларды коюу боюнча инвесторлорду табуу аракеттери бар экен.Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында атайын конференция өткөрүп, алтернативалуу энергия булактарын пайдалануу боюнча коомчулукка өздөрүнүн сунуштарын айтышат.

Шаардык кеңештин КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыковдун сөзүнө караганда, мэр менен чогуу Жалал-Абадды өнүктүрүп, шаарга “илгерки жашыл шаар”  деген статусту алып келүү идеясы менен шаар тургундарына, депутаттарга атайын кайрылуу даярдашкан. “Биз түркиялык туугандардын потенциалын колдонуп, керек боло турган болсо, алардын каалаган бир атын коюп берип, белгилүү бир аймакты берип туруп, инвесторлордун жардамы менен заманбап шаарга бекер эс алуу багын курсак деген демилге менен чыгып жатабыз. Экинчи кадамыбыз, эрте жаздан баштап ар бир жаранга бирден көчөт эгүү демилгеси көтөрүүдөбүз. Эгерде 120 миң көчөт ээгилип кала турган болсо, ошонун 80 пайызы көктөсө да, бир жылда 100 миң бак-дарак өсөт экен”, - дейт А.Мамасыдыков.

Макаланын соңунда, бардык айтылган жакшы ой-максаттар ишке ашып, көчөлөрдү кеңейтүү иши жыл сайын эмес, 2 жылда бир жасалып турса, жапырт бак-дарактардын кыркылып кетүүсүнөн сактайт. Бак-дарактарды ченемсиз кыркуу – экосистеманын  бузулуусуна алып келет эмеспи. Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан глобалдык жылуулуктун кесепеттери, климаттын өзгөрүшү ар бирибизди ойлондурушу керек. Жакынкы кошуна райондун жетекчилери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечекте борбордук базардын айланасына тыгылган кичи автобустардын жана жеке таксилердин санын кыскартуу жагын Жалал-Абад шаардык мэриясы колго алса жакшы болмок.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg                                          

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын ...

АНАЛИТИКА 2017-11-23  22:21