
Тажикстанда жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү тартылган көргөзмө сынга кабылды

Тажик сүрөтчүсү Маърифат Давлатова жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү менен көрүүчүлөрдүн назарын бурду. Анын чыгармаларына суктангандар да, жактырбагандар да бар.
«Бул сериядагы биринчи сүрөтүм Венада коюлду. Анда чыгармам интернетте пайда болуп, адептүүлүк үчүн күрөшкөн тажикстандыктардан жаман сөздөрдү уктум», -- деди Маърифат Давлатова.
Сүрөтчүнүн айтымында, жарым жылаңач аялдардын элестери – коомдогу теңсиздикке, аялдарды басмырлоого каршылык көрсөтүү. Маърифат Давлатова адептүүлүктү бетине кармаган айрым жарандар жарым жылаңач аялдарды тартууну токтотууга чакырып, опузалашканын билдирди.
«Бирок мен стереотиптерди бузганды жакшы көрөм. "Кээде эмне үчүн мындай “коркунучтуу” сүрөттөрдү таратасың, өмүрүңдү тобокелчиликке салба" деп сурашат... Бирок биз коркууларды жеңишибиз керек, себеби эркин жана светтик коомдо жашап жатабыз», -- деди Маърифат Давлатова.
Жаш сүрөтчүнүн чыгармаларына ар ким ар кандай баа берүүдө – кимдир бирөө анын эр жүрөктүүлүгүнө суктанса, айрымдар анын сүрөттөрү тажик маданиятына жат келет деп эсептешет.
Маърифат Давлатованын сүрөт көргөзмөсү Душанбедеги «Серена» мейманканасында 11-сентябрга чейин уланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...
Белгилүү түрк киноактёру Бурак Озчивит Ташкентте олигархтардын...
МАДАНИЯТ 2019-02-22 05:05
Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда
Социалдык түйүн колдонуучулары былтыр...
МАДАНИЯТ 2019-02-11 12:46
Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук...
Президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү...
МАДАНИЯТ 2019-02-01 03:11
Третьяков галереясынан Куинжинин чыгармасы уурдалды
"Ай-Петри. Крым" картинасы
Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинжинин "Ай-Петри....
МАДАНИЯТ 2019-01-28 10:50
Тажикстанда тасмалардагы уяттуу көрүнүштөргө тыюу салынды
Мындан ары Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары көркөм...
МАДАНИЯТ 2019-01-21 11:29
Голливудда «Алтын глобус» кино сыйлыгынын мыктылары аталды
Леди Гага «Алтын глобус» менен (архив сүрөт)
Лос-Анжелесте «Алтын глобус» кино...
МАДАНИЯТ 2019-01-07 02:43
Кыргызстан Silk Visa долбооруна кошулууга даяр
Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун...
МАДАНИЯТ 2018-12-25 06:06