KELECHEK
rek

Жалал-Абадда насыя алып көйгөйгө кабылган жарандардын саны өсүүдө

Жалал-Абадда насыя алып көйгөйгө кабылган жарандардын саны өсүүдө

Азыркы учурда   жарандар банктардан  насыя алып, аны убагында төлөй албай бир топ кыйынчылыктарга туш болууда. Жалал-Абад шаарында да бул көйгөйгө кабылган жарандар шаардык мэриянын кеңешме залында 1-вице мэр Таирбек Чойбековдун катышуусунда жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, аталган жыйынга КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 7-июнундагы банктык жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында Жалал-Абад  шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн комиссиялык курамы,  андан тышкары шаарда иш алып барып жаткан мамлекеттик жана жеке менчик банктардын облустагы жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Анда  банктардан  үстөк насыя менен карыз алып, аны өз убагында төлөй албай калган жарандар шаардык бийликтен банктар менен кеңешип алган акчаларын төлөө мөөнөттөрүн узартып берүүлөрү боюнча кайрылып келишкен. Шаар тургуну Тамара Жаманкулованын айтымында, азыркы учурда коомдо  банктардан насыя алып аны убагында жашоо шарттарына байланыштуу төлөй албай калган жарандар бир топ.

“Банктардан карыз алууда жана убагында төлөө маселесинин жаралып жатканы бул биринчиден, насыя берүүчү банк менен насыя алуучу жарандын ортосунда түзүлгөн келишим менен толук тааныштыгы жоктугу, үстөк пайыз менен насыя алууда элдердин сабатсыздыгынан болуп жатат. Ошол эле учурда банк тарабынан кетирилген кемчиликтер, бир  банктан карызы бар жаранга экинчи банк аны билип турса да,  үстөк пайызда насыя акча берип жаткандыгында. Анын кесепеттери бүгүнкү күндө  үй-бүлөөлөрдүн ажырашуусуна, жада калса карыздын айынан өз жанын кыйгандар да катталууда”, -  дейт Т. Жаманкулова.

“Жыйынга чогулган шаардык тургундардын көйгөйлөрүн уккан 1-вице мэр жана комиссия курамы мындан ары айтылган маселелер  боюнча комиссиялык курам банктардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп, мыйзам чегинде иш алып барып, мүмкүнчүлүктөрдүн болушунча  жардам көрсөтүлөөрүн билдиришти”, - деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38