KELECHEK
rek

Москва: полициячынын өлүмүнө шектелип кармалган жаран күнөөсүз экенин айтууда

Москва: полициячынын өлүмүнө шектелип кармалган жаран күнөөсүз экенин айтууда

Орусиянын борбору Москва шаарындагы метродо полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү катары кармалган теги кыргызстандык жаран өзүнүн күнөөсүз экенин айтууда.

Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары шектүүнүн полицияга берген сурагы тартылган видеону жарыялашты. Анда ал полиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси жоктугун айткан.

Окуя "Курская" метросунда 3-сентябрга караган түнү болгон. Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, башына жеген октон каза болгон 23 жаштагы укук коргоо органынын өкүлүн метродо пол жууган аял дааратканадан таап алган.

Кийинчерээк видео көзөмөлдөгү маалыматтар аркылуу Орусия жарандыгын алган теги кыргызстандык жаран камакка алынган. Видеодо бул адам шашып чыгып, пол жуугучка өзү чыккан жакты жаңсап көрсөтүп, андан кийин поездге түшүп кеткени тартылган.

Орусиялык маалымат каражаттары шектүүнү полиция кызматкери документ текшерүү үчүн кармаганын кабарлап, ал дааратканага барып келүүнү суранып, ал жакта аны атып салган деген божомолдорду жазып чыгышты.

Шектүү адам "полиция кызматкеринин табелдик куралын тартып алып өлтүргөн" деген маалымат ырасталган жок.

Полицияга сурагында ал колунда курал болбогонун, ичкериден ок атылганын угуп, коркуп кетип сыртка чуркап чыгып, кетип калганын билдирген.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин 317-беренеси ("Полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...