KELECHEK
rek

Бажы кызматынын мурдагы төрагасына издөө жарыяланды

Бажы кызматынын мурдагы төрагасына издөө жарыяланды

Адамкул Жунусов

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыялады.

Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козголду.

Тергөөнүн версиясы боюнча Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында «А.» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык байланыштарды уюуштурган. Ал өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, «А.» жоопкерчилиги чектелген коомуна бажы артыкчылыктарын берип турган. Анын натыйжасында 166 миллион сомдон ашуун каражат милдеттүү бажы төлөмдөрү катары бюджетке түшпөй калган.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы Адамкул Жунусов тергөө органдарынан качып жатат деп эсептейт.

2018-жылы 18-августта ага сыртынан айып тагылган, 28-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарган.

2014-жылы Мамлекеттик Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеген. Ал жетекчилик кызматты 2013-жылдан 2016-жылдын жаз айларына чейин аркалаган. Жунусов кийин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп иштеп жүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53