KELECHEK
rek

Башкы прокуратура Гуревичтин айтканын текшере баштады

Башкы прокуратура Гуревичтин айтканын текшере баштады

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Наргиза Куватова билдирди.

«Евгений Гуревич “Азаттык” радиосуна курган маегинде айткан дооматтары боюнча Башкы прокуратуранын тийиштүү башкармалыктары текшерүү жүргүзүп жатышат», — деди ал.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин алардын финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттык” менен маегинде билдирген. Гуревич 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.

Ошондой эле ал Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун билдирген.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Гуревичтин айткандары боюнча парламентте маселе көтөрүлөрүн айтууда. Ал белгилегендей, 2015-жылдары прокуратуранын кайсы кызматкерлери Гуревич менен жолугушууга барганы суроо жаратып жатат.

Башкы прокуратураны 2011-жылдын апрелинен 2015-жылдын январына чейин башкарып турган Аида Салянова “Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кетти” деген миллиондогон акчаны кайра Кыргызстанга кайтаруу жаатында бир топ аракет көргөнүн, бирок анын баары кийин ал кызматтан кеткен соң унутта калганын, Алабамага барбаганын жана Гуревич менен жолукпаганын айтууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53