KELECHEK

Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин алтынчы саммити өтүп жатат

Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин алтынчы саммити өтүп жатат

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өтүп жатат.

Саммитке кеңеш мүчөлөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана бул жолку жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.

Саммитте кеңештин төрагалыгын Казакстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Жыйындын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, спорт жана жаштар саясаты жаатында келишимдерге кол коюлушу мүмкүн.

Бул ирет саммитте Өзбекстан расмий түрдө уюмга кошулушу мүмкүн. Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев быйыл апрелдеги Түркияга сапарынын жүрүшүндө бул тууралуу билдирген эле. Бирок бул маалымат расмий түрдө айтылган эмес.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки күн мурун Бишкек сапарында саммиттин жүрүшүндө бир нече маанилүү чечим кабыл алынарын билдирген. Ал түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин башка мүчөлөрү менен соода жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн жолдору талкууланарын кошумчалаган.

Түрк тилдүү мамлекеттер саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. Кыргызстанда кеңештин саммити экинчи ирет өтүүдө. Буга чейин 2012-жылы Бишкекте өткөн эле. Кыргызстанга саммит өткөрүү кезеги 2016-жылы берилип, эки жылдан бери өтпөй келген. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өмүркулов: Атамбаевдин байлыгы текшерилиши керек

Өмүркулов: Атамбаевдин байлыгы текшерилиши керек

Парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын...

CАЯСАТ 2018-11-29  12:23

Курултай делегаттары экс-президент Атамбаевге кылмыш ишин ачтырууга...

Курултай делегаттары экс-президент Атамбаевге кылмыш ишин ачтырууга...

Курултайдын делегаттары мурдагы президент Атамбаевге каршы кылмыш ишин ачтырууга...

CАЯСАТ 2018-11-28  17:19

Жанарбек Акаев: туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат

Жанарбек Акаев: туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат

Парламент депутаты Жанарбек Акаев Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын...

CАЯСАТ 2018-11-28  17:47

"Малайзия кереметинин" автору коррупция менен күрөшүү тажрыйбасы...

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамед анын...

CАЯСАТ 2018-11-27  17:16

Кытайда жакындары камалган кыргыз-казак жарандары Алматыда жыйынга...

Кытайда жакындары камалган кыргыз-казак жарандары Алматыда жыйынга...

Кытайда жакындары камалган жарандар бүгүн, 23-ноябрда...

CАЯСАТ 2018-11-23  21:03

«Ата Мекен» Текебаевдин иши боюнча президентке кайрылды

«Ата Мекен» Текебаевдин иши боюнча президентке кайрылды

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары 21-ноябрда Жогорку...

CАЯСАТ 2018-11-22  11:04

Депутат кийинки жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуш кылды

Депутат кийинки жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуш кылды

Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы сессиясында "Республика - Ата Журт"...

CАЯСАТ 2018-11-22  11:36