KELECHEK
rek

Нидерландда Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн жарыяланган сынак болбой калды

Нидерландда Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн жарыяланган сынак болбой калды

Эркиндик оңчул партиясынын лидери, Нидерланд парламентинин депутаты Герт Вилдерс Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн жарыяланган сынакты жокко чыгарды.

Вилдерс Твиттердеги баракчасына "Ислам өлүм жана кыйноолор менен кайрадан чыныгы жүзүн көрсөттү. Бирок мекендештеримдин коопсуздугу мен үчүн биринчи орунда турат”, деп жазды.

Сынак ноябрда Эркиндик оңчул партиясынын кеңсесинде өтөрү, жеңүүчү 10 миң доллар алары кабарланган. Нидерланд бийлиги сөз эркиндигине жүйө келтирип, сынакка тыюу салган эмес.

Вилдерстин пландары Пакистанда нааразылыктарды жаратып, демонстранттар сынакты жокко чыгарууну жана Нидерланд элчисин Карачиден чыгарып жиберүүнү талап кылышкан. 28-августта Гаагада Фейсбукта Вилдерсти опузалап билдирүү калтырган жаран кармалган. Нидерланд ТИМ өкүлдөрү Пакистанга боло турган сапарынан баш тартышкан.

Вилдерс исламга каршы билдирүүлөрү үчүн маал-маалы менен коркутуп-үркүтүүгө кабылып келет. Былтыр марттагы шайлоо кампаниясында эгер премьер-министрдин креслосун ээлесе, иммигрант-мусулмандар үчүн чек араны жабарын, Куранды сатууга тыюу саларын, мечиттердин ишин токтоторун убада кылган. Нидерландда калктын беш пайызы – мусулмандар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52