Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду
31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду. Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар белгиленди. Өлкөдө бүгүн дем алыш.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар болуп, салтанат саат 10:00дө расмий ачылды. Шаардын бардык райондорунда оюн-зооктор, концерттер, улуттук оюндар уюштурулду.
Борбор калаадагы салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катыша албай турганын алдын-ала билдирген.
Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.
2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Отунбаева бир жылдан кийин президенттикти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаевден кийин 2017-жылдын 15-октябрында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайланган.
Конституцияга ылайык Кыргызстан - демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12