KELECHEK

Reuters: Асад аскерлери Идлиб провинциясына чабуул жасоого даярданууда

Reuters: Асад аскерлери Идлиб провинциясына чабуул жасоого даярданууда

Сирия бийлиги өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында масштабдуу чабуул уюштурууну пландоодо. Бул тууралуу Reuters агенттигинин өз булактары билдирди.

Чабуул качан болору так айтылган эмес. Бирок бир жума мурун Башар Асаддын башкы өнөктөшү – Орусия Сирия менен Жер ортолук деңиз жээктеринде аскер кемелерин жайгаштырууну күчтөндүргөн. Бардыгы болуп эскадрада 10 кеме бар, алардын көбү “Калибр” канаттуу ракеталары менен жабдылган.

Reuters маалымдагандай, Орусия Идлибге Түркия менен бирге чабуул жасоону талкуулоодо. Анкара бул провинциядагы топтордун бир бөлүгүн колдойт. Сүйлөшүүлөргө Иран дагы катышууда.

Идлиб провинциясы – козголоңчулардын акыркы маанилүү таянычы. Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршембиде “Идлибде ириңдеп кеткен жара бар, ал жок кылынышы керек. Биздин батыш өнөктөштөр чагымчылдыкка алдырбайт, антитеррордук операцияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт деп үмүттөнөм” деген.

БУУ Идлибге ири кол салуу болсо гуманитардык каатчылык коркунучу жараларын эскерткен. Уюмдун маалыматы боюнча аймакта жүз миңдеген киши жашайт. АКШ Мамлекеттик департаменти да абалга кабатыр экенин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

The Washington Post: Мургабда Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашкан

The Washington Post: Мургабда Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашкан

Мургаб

Тажикстандын Кытай менен чектеш Мургаб районунда үч жылдан бери...

Скрипалдарды ууландырууга шектелген үчүнчү адам тууралуу...

Скрипалдарды ууландырууга шектелген үчүнчү адам тууралуу...

The Insider басылмасы менен Bellingcat иликтөө тобу Орусиянын мурдагы...

Өзбекстан үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн...

Өзбекстан үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн...

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) алты жылдан бери үч баласы...

The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады

The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады

Британ адистери Сергей Скрипалдын Солсберидеги үйүнүн жанында. Март, 2018-жыл

Орусиянын мурдагы...

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда

Өзбекстандын Наманган облустук акимчилиги...

Сирияда ИМ тобунун диктору кармалды

Сирияда ИМ тобунун диктору кармалды

Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун көптөгөн видео тасмаларын англис тилинде коштоп...

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды

2018-жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик...