KELECHEK

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү Украинадан табылды

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү Украинадан табылды

Президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сөөгү көмүлгөн жай Украинадан табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” издөө иштерин алып барган “Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы быйыл 8-майда алардын уюмунун негиздөөчүлөрүн кабыл алып, 1941-жылы согушка кеткен чоң атасынын дайын-дареги белгисиз экенин кабарлаган. Бирикме ошондон кийин иликтөө иштерин баштаган.

Натыйжада Орусиянын Коргоо министрлигинин советтик жоокерлеринин базасынан Пирназаров жөнүндө маалыматтар табылган. Документтерге ылайык президенттин чоң атасы 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Сумск (Сумская) облусунун Конотоп шаарындагы ооруканада каза болгон. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу изилдөөчүлөр Жээнбек Пирназаров көмүлгөн бейитти аныкташкан. Украина мүрзөнүн жана эстеликтин сүрөтүн жөнөткөн.

“Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмеси бул боюнча президенттик аппаратка билдирүү жөнөткөн. Мекеме өкүлдөрү президенттин чоң атасынын сөөгү көмүлгөн жердин табылышы согушта курман болгондорду издөөгө көмөк берүү шарттарын караган мыйзамдын кабыл алынышына шарт түзөт деп үмүт кылып турушат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында быйыл 9-майда өткөн “Өлбөс полк” акциясына катышып, согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, Пирназаровдун балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайткан.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияга каршы күрөшкө 360 миңден ашуун кыргызстандык мобилизацияланган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда согуш ардагерлеринин жалпы саны 470тин тегерегинде.

“Эрдик-Подвиг” уюму 2015-жылы негизделген. Уюм андан бери согушта курман болгон 1612 кыргызстандык жоокердин дайын-дарегин тактаган. Алардын ичинде экс-депутат Бөдөш Мамырованын, коомдук ишмер Топчугүл Шайдуллаеванын, БШКнын учурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Эл артисттери Дарика Жалгасынова менен Эсен Нурманбетованын да аталары, чоң аталары бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн «Өлбөс...

ТАРЫХ 2019-05-09  17:13

Хива шаарынын тарыхый бөлүгүнө кирүү үчүн акы алына баштады

Хива шаарынын тарыхый бөлүгүнө кирүү үчүн акы алына баштады

Өзбекстандын Хива шаарында жайгашкан ачык асман алдындагы Ичан-Кала музей-шаарчасынын кире...

ТАРЫХ 2019-05-06  17:57

Кытай архивдеринен табылган маалымат кыргыз тарыхын 8 кылымга арбытты

Кытай архивдеринен табылган маалымат кыргыз тарыхын 8 кылымга арбытты

 «Мурас» мамлекеттик фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытай жазма...

ТАРЫХ 2019-05-02  14:26

Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүүгө 125 миллион доллар жумшалышы...

ТАРЫХ 2019-03-25  13:17

Президент Сооронбай Жээнбеков: Апрель революциясынын 10 жылдыгын...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Апрель революциясынын 10 жылдыгын...

«Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө...

ТАРЫХ 2019-03-18  13:33

Мирзиёев Ислам Каримовдун туулган күнүнө карата Самаркандда аш...

Мирзиёев Ислам Каримовдун туулган күнүнө карата Самаркандда аш...

30-январда Өзбекстандын бардык аймактарында,...

ТАРЫХ 2019-01-31  17:06

Ташкентте бир миллион долларга тете көөнө кенч табылды

Ташкентте бир миллион долларга тете көөнө кенч табылды

Ташкенттин борборундагы эски имараттардын биринин...

ТАРЫХ 2019-01-22  22:13