KELECHEK

Тажикстанда бала бакчанын он кызматкери күйдүргү шеги менен ооруканага жаткырылды

Тажикстанда бала бакчанын он кызматкери күйдүргү шеги менен ооруканага жаткырылды

Худжанддагы жеке бала бакчанын кызматкерлери 25-августта ылаңдаган уй этин тамак-ашка колдонгондон кийин Сибирь жарасы шеги менен ооруканага жаткырылды.

Учурда бул окуя боюнча текшерүү жүрүүдө.

Оорукана жетекчилиги бала бакчанын он кызматкери, анын ичинде ашпозчу жана анын жардамчылары дарыланып жатканын маалымдады. 24-августта Курман айтка байланыштуу союлган уй эти бала бакчага берилген. Кызматкерлер аны балдардын тамак-ашы үчүн колдонбой, өз ара бөлүп алышкан.

Худжанд шаарынын инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Баходур Муминов бейтаптар 27-августта күйдүргүгө мүнөздүү тери жаралары менен түшкөнүн айтты.

Шаар бийлиги башка мекемелерде ылаңдаган мал этинин колдонулушунун алдын алуу боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Бул фактыны прокуратура текшерүүдө. Бала бакчага ылаңдаган уй этин ким таратканы аныкталган жок. Худжанд шаарынын санэпидемиологдорунун маалыматы боюнча быйыл аймакта эки жаран Сибирь кулгунасын жуктурган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Чылым чегүүнү чектеген мыйзам долбоору даярдалууда

Чылым чегүүнү чектеген мыйзам долбоору даярдалууда

Бишкекте тамекинин ден соолукка зыяны тууралуу маселени талкуулаган жыйын...

ДЕН СООЛУК 2018-10-18  08:50

Казакстанда

Казакстанда "ириңдүү менингит" менен ооруган жоокер каза болду

Актау шаарында ириңдүү менингоэнцефалит оорусуна шектелип оор...

ДЕН СООЛУК 2018-10-17  05:54

Түркмөнстан Саламаттык сактоо министрлиги дары катары чай ичүүнү...

Түркмөнстан Саламаттык сактоо министрлиги дары катары чай ичүүнү...

Түркмөнстан Саламаттык сактоо жана медициналык...

ДЕН СООЛУК 2018-10-17  06:01

“Ас-салам” КФу Жалал-Абадда жалпы жана күйүк адистештирилген ...

“Ас-салам” КФу Жалал-Абадда жалпы жана күйүк адистештирилген ...

Кечээ, 4-октябрь күнү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында биринчи жолу Кувейттик...

ДЕН СООЛУК 2018-10-05  17:02

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандар 429га жетти

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандар 429га жетти

Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жетти. Саламаттык сактоо...

ДЕН СООЛУК 2018-10-01  17:28

Көздүн көрүүсүн жакшыртуучу мөмө

Көздүн көрүүсүн жакшыртуучу мөмө

Австралиялык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча бул мөмөнү күнүгө бирден жеп турган адам көздүн...

ДЕН СООЛУК 2018-09-24  12:49

Түркмөн базарларында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер сатылууда

Түркмөн базарларында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер сатылууда

Түркмөнстанда дары каражаттары кымбаттап, тартыш болгондуктан,...

ДЕН СООЛУК 2018-09-20  13:55