KELECHEK

Токтогулда боз үйдө окуган окуучуларга жылуу чатыр бериле элек

Токтогулда боз үйдө окуган окуучуларга жылуу чатыр бериле элек

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан №36 Анарбек Ибраимов атындагы мектептин башталгыч класстары үчүн атайын жылууланган чатырлар берилген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ "өзгөчө жаратылыш кырсыктары болгондо гана чатыр берилет" деп жооп берген. Андыктан сентябрь айынан тартып айыл өкмөт башчысы ижарага 3 боз үй тапканы аргасыз болууда. ӨКМдин облустук башкармалыгы бул тууралуу азырынча коментарий берген жок.

Айылда 1957-жылы ашар жолу менен салынган, башталгыч класстар окуган мектеп имараты 2015-жылы керектен чыгып, бирок окуучулар окуусун уланта беришкен. Быйыл апрель айында имарат өтө кооптуу болуп калгандыктан 300дөн ашык окуучу жергиликтүү бийлик ижарага алган эки боз үйдө окуган.

Жаңы мектептин курулушун 2019-жылдын бюджетине киргизүү пландалууда. Облус аймагында 470тен ашык мектептин учурда 34ү авариялык абалда быйыл да окуучуларды кабыл алат.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн...

Президент Сооронбай Жээнбеков Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак...

Аймак 2019-02-22  03:31

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653...

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653...

“Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен...

Аймак 2019-02-22  04:25

Кербен аэропорту 20 жылдан кийин кайрадан өз ишин баштайт

Кербен аэропорту 20 жылдан кийин кайрадан өз ишин баштайт

"Кербен" аэропорту. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Аксы районундагы...

Аймак 2019-02-19  05:15

Баткен: Каада-салттагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже...

Баткен: Каада-салттагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже...

Чыгымдарды азайтуу боюнча эрежелер Кадамжай районунун тургундарынын облустук бийликке жиберген...

Аймак 2019-02-13  06:09

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районуна иш сапары менен барды (ФОТО)

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районуна иш сапары менен барды (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек...

Аймак 2019-02-08  07:18

Базар-Коргон айылынын тургундары Президентке жана жогорку бийлик...

Базар-Коргон айылынын тургундары Президентке жана жогорку бийлик...

Базар-Коргон айылынын тургундары Кыргыз Республикасынып Президенты С.Ш.Жээнбековго, КР Коопсуздук...

Аймак 2019-02-08  15:27

Төрага Дастанбек Жумабеков Аксы районунун активи менен жолугушту...

Төрага Дастанбек Жумабеков Аксы районунун активи менен жолугушту...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутаттар Алмазбек Эргешов...

Аймак 2019-01-25  23:26