KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов: “Жергиликтүү бийликти шаар тургундары колдоп жатышат”

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов: “Жергиликтүү бийликти шаар тургундары колдоп жатышат”

Жалал-Абад шаарындагы жакшы ийгиликтердин жаралышы – бул жалпы мэриянын жамаатынын ийгилиги. Жергиликтүү бийликти шаар тургундары колдоого алып жатат. Бул тууралуу шаардын мэри Салайдин Авазов бүгүн, 14-июнь күнү “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн жыйында журналисттерге билдирди.

Шаар мэри С.Авазовдун сөзүнө караганда, Жалал-Абад шаарынын тургундары таза жана кооз шаарда жашоону каалашат. Шаар тургундары жергиликтүү бийликке абдан жакшы жардам берип жатат.

- Шаардагы жетишкендиктер боюнча баарын өзүңөр көрүп жатасыңар. 2015-жылда аткарылган иштер боюнча Барпы театрында жалпы шаар тургундары катышкан коомдук угууда элге жеткиргемин, силер катышкансыңар. Аны эми кайталагым келбейт,- деди С.Авазов.

Андан ары журналисттер берген суроолорго жооп берди. Ленин көчөсүн кеңейтүүдө бардык мыйзам талаптары сакталганына кеңири токтолду. Айрым өкмөттүк эмес уюмдар чыр чыгарышып, шаар тургундары өздөрү үйлөрүн бузууга макулдугун берип, шаардын көчөлөрүн кеңейтүүгө кызыктар болуп жатса, ар кандай түшүнбөстүктөрдү жаратып жатышат.

“Ленин көсөсүн кеңейтүү боюнча мен шаар мэри болуп келгенден бери эле аракеттерди жасап, ал жерде кызыл сызыкка чыгып кеткен үй ээлери менен сүйлөшүулөрдү жүргүзүп келдим. Тендер өткөрүлүп, 1 квадрат метрин 1,5 миң сомдон, 2,5 миң сомго көз карандысыз баалоочу баалаган. Ал эми өкмөттук эмес уюмдун өкүлдөрү 1 квадрат метри 1 миң доллар болуш керек деп жатышат. Бул эми өтө эле аша чаап кеткендик деп баалоого болот. Ленин көчөсүн кеңейтүүдө 38 үйдүн кызыл сызыкка чыгып кеткен бөлүгүн бузуу керек болсо, анын ичинен 4 үй буга туш болбойт. Биз ага тийген жокпуз. Бузууга туура келген 5 муниципалдык жерге чыгып кеткен үйлөр бар. Аларга компенсация бербейбиз, келишим да түзбөйбүз. Калган 29 үйдүн 4нүн документтери банкта күрөөдө турат экен, булар менен да келишим түзүлбөйт. Себеби, банк уруксат бербейт. Эки үйдү жаңыдан сатып алышыптыр, ээлери Ошто жашайт. Алар көз карандысыз баалоочунун баасын тааныбайбыз деп, өздөру үйдү сатып алган сумманы сурап жатышат. Бири 1,5 млн. сомго, экинчиси андан көбүрөөк суммага сатып алыптыр, - дейт С.Авазов.

Ошондой эле, шаар мэри С.Авазов өз сөзүндө борбордук Ленин көчөсү темир жолго чейин 29 метрге кеңейтиле тургандыгын, бул жерде жөө адамдар үчүн жол салынып, лоток курула тургандыгын баса белгилеп кетти. Мындан сырткары, Строительный көчөсү асфалтталып, “Каныкей” дүкөнүнүн жанына дагы бир асма көпүрө курула тургандыгын айтты. Көчөнү кеңейтүүдө мыйзамга туура келген баада үйлөрүнүн дубалдары бузулган үй ээлерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты берилет. Элдин өтүнүчү менен алып жаткан компенсациялары үчүн банктан 3 пайызды кармап калбоо маселесин да чечишкен.

Шаар мэри С.Авазов быйылкы жылы курула турган курулуштар жана алдыдагы пландары менен да ой бөлүшүп, бир нече кызыктуу суроолорго жоопторду берди.

"Көк-Арт Инфо" Маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18