KELECHEK
rek

Азиада-2018: Жеңил атлет Дарья Маслова алтын байге алды

Азиада-2018: Жеңил атлет Дарья Маслова алтын байге алды

Кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо жеңүүчү болгон Дарья Маслова. 25-август, 2018-жыл. Индонезия.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 10 миң метрге чуркоодо алтын медаль тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак жарыш 25-августта өттү. 10 миң метр аралыкты Маслова 32:07.23 убакытта чуркап өткөн. 2-орунду бахрейндик жөө күлүк Сумма Еунисе (32:11.12), 3-орунду Кытайдын өкүлү Жанг Дешун (32:12.78) алды.

Алдыда Маслова 28-августта дагы 5000 метрге жарышка чыгат. Дарья Маслова 23 жашта. Былтыр 2017-жылы Азия чемпионатында 5000, 10000 метрге чуркап, эки алтын медаль тагынган.

Ушуну менен Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебине 11 байге жазылды.

Буга чейин Кыргызстандын спортчулары бир алтын, төрт күмүш жана беш коло байге алышкан. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 17-орундан 15-орунга көтөрүлдү. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20