KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛАТ

Жалал-Абад шаарында Эгемендик күнү болоордон бир күн мурда №6-мектептин жаңыдан курулуп бүткөн имаратын салтанаттуу ачуу аземи болот. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, эки жылдан бери курулуп жаткан мектептин имараты жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алууга толук даяр. Эми 300гө чукул окуучунун 2 жыл бою күткөн мектеби класстык бөлмөлөрдөн тышкары медициналык каанасы, коопсуздук шарттары, ички ажатканалары жана башка заманбап шарттары менен камсыздалган. Учурда №6 мектепте дагы спорт залдын курулуш иштери жүрүүдө.

Эске сала кетсек, мындан мурун өлкөнүн ошол кездеги премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарына келгенде шаар тургундары ушул мектептин курулушун бүткөрүп берүү өтүнүчүн билдиришкен. Өкмөт башчынын жардамы менен мектеп курулушун башталып, эми аягына чыкты.  

Жалал-Абад шаарындагы бул №6 орто мектеби 1937-жылы темир жолчулар тарабынан курулуп, ишке берилген. Ошол учурда билим уясында темир жолчулардын балдары окуп, кезинде “№59 темир жол” мектеби деп аталган. 1960-жылы мектеп Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына өткөн. Андан соң 1967-жылы мектептин 30 жылдык маарекесинде билим уясы Советтер Союзунун Баатыры Александр Матросовдун ысымын алган 8 жылдык мектеп болгон. 2002-жылы Жалал-Абад шар мэриясынын буйругу менен орто мектеп статусун алган. Азыркы күндө 246 окуучу билим алып келсе, 2015-жылы мектеп имаратынын эскилиги жетип, урап калуу коркунучунда тургандыктан  жаңы мектеп курула баштаган. Эми гана 2018-2019-окуу жылына мектеп курулушу аяктап, жаңы типтүү заманбап мектеп иштөө алдында турат. Ал эми буга чейин аталган мектептин окуучулары 2 жыл бою №7 мектептин 3-кабатында окуп келишти. 

Мектептин мурдагы имараты 240 окуучуга ылайыкташтырылган эле, ал эми жаңы типтүү мектеп 275 орундуу болду. Быйылкы окуу жылына 50гө чукул баланы биринчи класска кабыл алышкан. Ал эми окуучулардын жалпы саны өткөн окуу жылынын аягында 246 болгон, быйыл жаңы имаратка көчүшү менен окуучулар  саны 300 гө жетти.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарындагы №6 мектебинин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 58 миллион 710 миң сом деп бааланган. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30