KELECHEK

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

26-август күнү Алматыда маркум спортчу Денис Тенге арналган D10 WORLD деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Esentai Gallery залында Денис Тендин өзү тарткан жана ал катышкан спорттук иш чаралардагы сүрөттөр коюлду. Денис спортто эле эмес, башка тармактарда да өзүнүн чеберчилигин мыкты көрсөтө алган – музыка менен алектенген, сүрөт тарткан жана автордук кинодо да өзүн сынап көрүүнү пландап жүргөн. Көргөзмөдө спортчунун достору, кесиптештери тарабынан даярдалган даректүү тасма көрсөтүлүүдө.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Казакстандын Эл артисти Роза Рымбаева катышып, сөз сүйлөдү. Ал акыркы он жылда болгону эки жолу – ырчы жана композитор Батырхан Шукенов жана Денис Тен өлгөндө гана ыйлаганын айтты. Роза Рымбаева аларды биздин замандын каармандары деп атады.

D10 WORLD сүрөт көрөзмөсү 2-сентябрга чейин болот.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Кийинчерээк Денис Тендин атындагы фонд түзүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

"Азаттыктын" Айтматовго арналган сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

"Мен билген Айтматов" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо учуру. Бишкек. 6-декабрь,...

МАДАНИЯТ 2018-12-07  05:19

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү...

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү...

Өзбекстанда "PROlogue-2018" эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылуу...

МАДАНИЯТ 2018-12-04  05:18

Алматыда World Press Photo-2018 жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Алматыда World Press Photo-2018 жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Алматыда World Press Photo деп аталган эл аралык фотожурналистика сынагынын...

МАДАНИЯТ 2018-11-30  20:28

Кыргыз-өзбек

Кыргыз-өзбек "Делбирим" фильми Кыргызстанда 6-декабрдан тарта...

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” чыгармасынын негизинде тартылган...

МАДАНИЯТ 2018-11-23  21:05

Өзбекстанда белгилүү ырчы Арашка 25 миң доллар айыппул салынды

Өзбекстанда белгилүү ырчы Арашка 25 миң доллар айыппул салынды

Өзбекстанда Ташкенттеги продюсердик компания менен теги ирандык Швеция ырчысы Араштын...

МАДАНИЯТ 2018-10-25  14:26

Өзбекстанда спектакль койгон Нарын театры дүйнө шаарларын кыдырууну...

Өзбекстанда спектакль койгон Нарын театры дүйнө шаарларын кыдырууну...

Спектаклден көрүнүш

Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын...

МАДАНИЯТ 2018-10-19  02:21

Тажик ырчысы туулган күнүн жетим балдар менен тосту

Тажик ырчысы туулган күнүн жетим балдар менен тосту

Белгилүү тажик поп-жылдызы Шабнами Сурайё туулган...

МАДАНИЯТ 2018-10-12  09:40