KELECHEK
rek

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору М.Сулаймановдун элесине арналган мелдеш болуп өттү

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору М.Сулаймановдун элесине арналган мелдеш болуп өттү

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан" долбоордун алкагында коомчулук арасында ынтымак, достук, улуттар аралык биримдигин чындоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү.

Бул иш-чарага  Базар-Коргон районунун акими Т.Долдоев, ОИИБнын орун басары И.Шатманалиев, РИИБнүн башчысы А.Өскөнбаев жана маркум Мыктыбек Сулаймановдун жакындары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – арабызда кызмат учурунда каза болгон инсанды эскерүү, өздүк курамды ынтымакка чакыруу,  дене-тарбия күжүрмөн даярдыктарын чыңдоо, ошондой эле улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Мелдешке жалпысынан 9 команда катышып, кызуу оюн көрсөтүшүп финалдык беттешүүгө чыгышты.

Финалда 4 команда өз ара таймашып, 1-орунду Бешик-Жоон айыл өкмөтү, 2-орунду  Сейдикум айыл өкмөтү, ал эми 3-орунду Чек командасы ээледи.

Мелдештин жыйынтыгында маркумдун кесиптештери жана анын бир тууган эжеси Сулайманова Гулнара  сөз сүйлөдү. 

“Ушундай кубанычтуу күндө инимдин жоктугу өкүнүчтүү болуп турат. Бирок, анын жаркын элесин жүрөгүңөргө бек сактап, ага арнап ушундай спорттук иш-чараны жыл сайын өткөрүп келесиңер. Биз инимдин  милиция кесибин аркалап өткөн жолу, жасаган эмгеги менен сыймыктанабыз. Андыктан сиздерге жалпы туугандарыбыздын  атынан терең ыраазычылык билдиребиз”,- деди Г.Сулайманова.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Арстанбап айыл аймагында Базар-Коргон РИИБмүнун 10-бөлүмү, Кыргызстандын мусулмандардын азирети...

Аймак 2016-06-20  13:29