KELECHEK

Азиада-2018: Төрөкан Багынбай уулу алтын утту

Азиада-2018: Төрөкан Багынбай уулу алтын утту

Төрөкан Багынбай уулу. Жакарта, Индонезия. 24.08.2018-ж.

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште финалда кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу Бириккен Араб Эмиратынын өкүлү Талиб Алькирбини 2:0 эсебинде жеңип, алтын байге утту.

Багынбай уулу 24-августта жиу-житсунун не-ваза түрүнөн 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Ал финалдык таймашка чейин ирандык, казакстандык, түркмөнстандык жана таиланддык спортчуларды жеңип алган.

Ушул эле салмакта дагы бир кыргызстандык спортчу Жакшылык Уранов коло байге үчүн күч сынашып, таиланддык Банпот Лерттайсонгго жеңилип калды.

Спорттун ушул эле түрүнөн жогоруда аталган спортчулардан сырткары бул күнү Кыргызстандан Ариет Бекишов (56 кг.) жана Давран Маразыков (56 кг.) таймашка чыкты. Бекишов 1/8 финалда, Маразыков 1/16 финалда атаандаштарына жеңилип, байгесиз калышты. Төрөкан Багынбай уулу алган байге быйылкы Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медал. Буга чейин Кыргызстандын спортчулары төрт күмүш, беш коло байге алышкан. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 21-орундан 17-орунга көтөрүлдү.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. 

www.azattyk.org

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты

Кыргызстан Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунда Филиппин командасын 3:1 эсебинде утуп,...

СПОРТ 2019-01-17  04:52

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 16-январында Филиппиндин...

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 16-январында Филиппиндин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча...

СПОРТ 2019-01-15  18:37

Президенттин Аппарат Жетекчиси Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат...

Президенттин Аппарат Жетекчиси Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат...

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон...

СПОРТ 2019-01-12  16:58

Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматтан кетти

Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматтан кетти

Семетей Султанов.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей...

СПОРТ 2019-01-10  15:02

Өзбекстандык өспүрүм шахмат боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпионун...

Өзбекстандык өспүрүм шахмат боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпионун...

Өзбекстандык 16 жаштагы жаш шахматчы Шамсиддин Вахидов шахмат боюнча азыркы...

СПОРТ 2018-12-28  07:18

Бокс 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

Бокс 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

30-ноябрда Эл аралык олимпиадалык комитеттин Токиодо өткөн...

СПОРТ 2018-12-04  05:23

Казакстанда футболчулардын орточо айлыгы 148 миң долларды түзөт

Казакстанда футболчулардын орточо айлыгы 148 миң долларды түзөт

Sporting Intelligence сайты 2018-жылга карата дүйнө футболундагы орточо...

СПОРТ 2018-11-29  04:33