KELECHEK
rek

Трамп Орусияга киргизилген санкциялар кандай шартта алынышы мүмкүн экенин айтты

Трамп Орусияга киргизилген санкциялар кандай шартта алынышы мүмкүн экенин айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды алып салуу маселесин кайра карап көрүүгө даяр. Бирок ал үчүн Москва Украина менен Сирия маселесинде Вашингтондун каалоосун аткарышы керек. Бул тууралуу ал «Reuters» маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

Трамп ошондой эле орус президенти Владимир Путин өткөн айда Хелсинкидеги саммитте АКШдан санкцияларды алып салууну өтүнбөгөнүн кошумчалады. Бирок анын айтымында, дээрлик эки саатка созулган сүйлөшүүдө Крымдын аннексиясы, Чыгыш Украинадагы жаңжал, Орусиядан Германияга газ жеткире турган "Түндүк агым - 2" долбоору сыяктуу маселелер талкууланган.

Вашингтон Москвага каршы алгачкы санкцияларды 2014-жылы, Орусиянын Крым жарым аралын каратып алгандыгы жана Украина чыгышындагы агрессиясы үчүн киргизген. Жакында эле Конгресстин кароосуна Москванын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишкендиги үчүн санкцияларды катаалдаштыруу сунушталган жаңы мыйзам долбоору чыгарылды. Ал Орусиянын мамлекеттик карызына инвестиция кылууга тыюу салып, өлкөнүн мунайгаз тармагы үчүн технологияларды экспорттоого чектөөлөрдү киргизет.

8-августта АКШнын Мамлекеттик департаменти Британиянын Солсбери шаарында Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын жарыялаган. Жаңы чектөөлөр, 22-августта күчүнө кирет. Ал Орусияга улуттук коопсуздук тармагында пайдаланыла турган товарларды экспорттоого тыюу салат.​

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...