KELECHEK
rek

Ош шаарынын мэри бир катар социалдык курулуштарды текшерди

Ош шаарынын мэри бир катар социалдык курулуштарды текшерди

Кечээ, 13-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаарда курулуп жаткан бир катар социалдык объектилердин курулуштарын текшерип чыкты. Алгач, Сай-Бою жана Тилеке-Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү жаңы көпүрөнүн долбоорун карап чыгып, жеринен көрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ошондой эле шаар мэри Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан бокс жана оор атлетика спорт мектебинин жатаканасы жана ашканасынын курулушун карап чыкты. Аны менен катар Курманжан -Датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрөнүн курулушун текшерди.

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрия тараптан бардык күч аракеттер жумшалып жаткандыгын билдирди.

- Акыркы эки жылда калаабызда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Навои көпүрөсүнөн үнөмдөлгөн акча каражатына эки жаңы күпүрө куруп жатабыз. Алардын бири Курманжан-Датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрө. Анын жалпы сметалык баасы 73,0 млн сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн сомду түзүп, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акчага, шаардагы борбордук стадиондун аймагында Сай-Бою көчөсү менен Тилеке-Баатыр көчөсүн бириктирген дагы бир чоң көпүрө курулат. Долбоору иштелип чыкты, бир айдын ичинде курулуш иштери башталат. Аны менен катар 3 мектеп, эки бала  бакчанын курулушунун үстүндө иш жүрүп жатат. Бул курулуштар аяктаса, мектеп окуучуларына, наристелерге, шаар тургундарын ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Биздин максат курулуштарга тендерлерди өткөрүү менен акча каражатын үнөмдөп, сапаттуу бүтүрүү, каражатты туура пайдалануу, - деп билдирди А.Кадырбаев.

Спорт интернаты ашканасы менен биригип жалпы аянты 2021 метр квадратты түзүп, тендердик суммасы   18 млн 900 миң сом болду. Жатаканада 16 уктоочу, 1 эс алуучу, 1 даярдануучу, 1 тарбиячынын бөлмөсү, жуунуучу жайлары дааратканалары менен камтылган. Курулуш иштерин  2016-жылдын III-кварталына бүткөрүү пландалууда.

“Ошондой эле, Озгур айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушун көрүп кайтты. Эки кабаттуу бала бакча аз убакыттын ичинде шаардыктарга тапшырылат.Тендердик баасы 24 945,7 миң сом. Учурда 1-июнь айына карата 23 779,9 миң сомдук курулуш иштери аткарылган”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18