KELECHEK
rek

Казакстанда мунай уурдоого айыпталган 26 киши соттолду

Казакстанда мунай уурдоого айыпталган 26 киши соттолду

Актөбөдө 2-август күнү мунай уурдоого айыпталган 26 кишиге карата сот өкүмү чыкты.

Бул иш боюнча башкы айыпталуучу — Еркин Избасар 12 жылга эркинен ажыратылды. Анын жардамчысы делген Аухат Калиев 11 жылга соттолду. Сот экөөнүн тең мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу боюнча токтом чыгарды.

Спорт меценаты, биринчи топтун майыбы, 51 жаштагы Еркин Избасарды бийлик кылмыштуу топ түзүүгө айыптоодо. Прокурорлор аны 15 жылга түрмөгө кесүүнү сурашкан. Сот жараяны учурунда Еркин Избасар айыптоолорду четке кагып, абакта кыйноолорго кабылганын билдирди.

Соттолуучулар арасында облустук ички иштер департамент башчысынын мурунку орун басары Рахат Аханов да бар. Сот аны беш жыл үч ай эркинен ажыратып, полковник наамынан ажыратып, өмүр бою укук коргоо тармагында иштөөгө тыюу салды.

Кылмыш ишинин башка фигуранттары үч жылдан он бир жылга чейин түрмөгө кесилди.

Сот материалдары боюнча кылмыштуу топ «Сагиз Петролеум» компаниясына таандык Каганай кенинен 2015-жылы 530 тонна мунай уурдаган. Уурдалган мунайдын наркы 11 миллион 302 миң теңге экендиги айтылган. Мындан тышкары “Ашыккөл”, “Каратөбө”, "Синельниковское" кендеринде дагы мунай уурдалган.

Мунай уурдоого шектелгендердин кармалгандыгы тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети 2016-жылы 7-декабрда билдирген. Атайын операциянын жүрүшүндө мунай жана мунай өнүмдөрү жүктөлгөн автоцистерналардын алынгандыгы кабарланган. Коопсуздук комитети кармалгандардын арасында «салафи агымын тутунгандар» бар экенин билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар мунай уурдагандарды калкалап келишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53