KELECHEK
rek

ИМ тобу Тажикстанда туристтерге кол салган тарапташтарынын видеосун жарыялады

ИМ тобу Тажикстанда туристтерге кол салган тарапташтарынын видеосун жарыялады

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Тажикстандагы кол салууга жоопкерчилик алып, аны "халифаттын жоокерлери" уюштурганын билдирди. Бул тууралуу экстремисттер менен байланышы бар "Амак" сайты кабарлады.

29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган.

31-июлда “Амак” сайты Тажикстандагы чабуулду ишке ашырды делген беш эркек кишинин алдын ала жаздырылган видеосун жарыялады. Басымдуу бөлүгү орус тилинде жаздырылган бул видеодогу беш адамдын кеминде бирөө өздөрүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин тарапкери экенин айткан.

Видеодогулардын кеминде үчөө тажик бийлиги жарыялаган сүрөттөрдөгү шектүү адамдарга түспөлдөшүп кетет.

Тажикстан Башкы прокуратурасы чет элдик туристтерге жасалган чабуул боюнча кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл орган алты киши кол салганын, алар велосипедчендерди автоунаа менен сүзүп кеткен соң, машинадан түшүп тирүү калгандарга бычак сайып, балта менен чабышканын билдирди.

Буга чейин ИИМ кол салуучулардын төртөө жок кылынып, төртөө кармалганын кабарлаган. Министрлик кандуу окуя артында "Ислам кайра жаралуу партиясы" турат деп эсептейт. Прокуратура дагы кол салуу диний уюмдун активисттеринин бири Кори Носирдин буйругу менен жасалганын айтууда. Божомолдор боюнча чабуулдун максаты – Тажикстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу болгон.

“Ислам кайра жаралуу партиясы” бул айыптоолорду четке кагып, кол салууну айыптай турганын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...