KELECHEK
rek

Трамптын мурдагы штаб башчысы кирешелерин салыктан жашырууга айыпталууда

Трамптын мурдагы штаб башчысы кирешелерин салыктан жашырууга айыпталууда

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт өлкөнүн банк жана салык мыйзамдарын бузуу үчүн кутумга барууга айыпталууда.

Прокурор Узо Асоньенин айтымында, Манафорт мыйзамды тебелеп, офшор аркылуу ондогон миллион доллар өөнөп алган. Бул акчаларга ал – 21 миң долларга саат, 15 миң долларга бешмант сыяктуу кымбат баалуу буюмдарды алган.

Маалыматтарга караганда, Манафорт Украинадагы иши үчүн 60 миллион доллар алып, бирок ал акчаларын офшордогу эсептеринде катып, каражатынын көп бөлүгүн салык кызматынан жашырып койгон.

Манафорттун жактоочуларынын айтымында, украиналыктар ага акчаны офшор аркылуу төлөп берүүнү чечишкен. Адвокаттар Манафортту ийгиликтүү жана кесипкөй лоббист жана кеңешчи деп эсептешет. Алардын пикиринде, акча маселелери менен анын кесиптештери алектениши керек болчу.

Отурум учурунда сот прокурордун сөзүн бөлүп, мультимиллионер болуу жана акча коротуу – кылмыш эмес экенин айтты. Сот учурунда айыптоочулар Манафорттун Трамптын командасындагы иши тууралуу кеп кылышкан жок.

Пол Манафорт азыркы мамлекет башчынын шайлоо учурундагы штабын жетектеген. Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген Роберт Мюллер мурдараак ага "чет мамлекеттин агенти катары иштеген" деп айып таккан. Анда прокурор Манафортко "Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кызыкчылыгын коргогон жана чет жактагы банк эсептери аркылуу мыйзамсыз каржылык операцияларды жүргүзгөн" деп кине койгон.

Быйыл июнда сот Манафортту камакка алуу чечимин чыгарган. Ал бардык айыптоолорду четке кагып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52