KELECHEK
rek

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова бүгүн, 1-августта “Азаттыкка” кабарлады. Текебаев ооруканага дарыгерлердин сунушу менен которулган.

- Текебаев өзүн жаман сезип, саламаттыгы оорлоп кеткени үчүн эмес, дарыгерлердин сунушу менен которулду. 31-июлдан тартып текшерүүлөр башталды. Ошонун негизинде дарылануусун улантат. Азырынча конвой менен ооруканада болот.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертиш үчүн ооруканага убактылуу которууну анын үй-бүлөсү өтүнгөн.

Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу маселе парламентте да козголуп, айрым депутаттар "анын ден соолугу жакшылап текшерилип, зарыл болсо дарыланышы керек” деген мазмундагы кайрылууга кол топтошкон.

Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53