KELECHEK

Түркмөн президенти айыл чарбасындагы абалды сынга алды

Түркмөн президенти айыл чарбасындагы абалды сынга алды

30-июлда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов аймактардын жетекчилери менен видеоселектордук жыйын өткөрүп, өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги абалды сындады.

Мамлекет башчы айыл чарба техникасынын абалына өзгөчө нааразы экенин билдирди. Президенттин айтымында, пахта жана эгин өстүрүү чарбалары техника, тетик жана башка каражаттар менен толук камсыздалып жатканына карабастан, тракторлордун, комбайндардын жана жүк унааларынын айыл чарба иштерине даярдыгы төмөн бойдон калууда.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү беш облустун тең жетекчилери күздүк буудай эгүүгө даярдык көрүлүп жатканын билдиришип, бирок быйыл канча эгин жыйналгандыгы тууралуу ооз ачышкан жок.

5-июлда Бердымухамедов өлкөдө эгин жыйноо өнөктүгү дээрлик аяктап калганын айтып, «жыйналган түшүм өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыздаганын көрсөтүп жатканын» жарыялаган. Андан бери түшүм жыйноо аяктагандыгы тууралуу расмий айтыл элек.

«Нейтралдуу Түркмөнстан» гезити 28-июлдагы санында «быйыл өлкөдө бир миллион тоннадан ашык эгин жыйналганын, бирок алгач 1,6 миллион тонна жыйноо пландалгандыгын» жазган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда азык-түлүк баасы Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда эң...

ЭКОНОМИКА 2019-07-15  18:56

Кыргызстанда адал эт паркын куруунун ТЭОсу иштелип чыгат

Кыргызстанда адал эт паркын куруунун ТЭОсу иштелип чыгат

Кыргызстан эттин адал паркын курууну көздөөдө....

ЭКОНОМИКА 2019-07-12  18:35

«Коопсуз шаардан» түшкөн айыппулга «Тез жардам» машинелери сатып...

«Коопсуз шаардан» түшкөн айыппулга «Тез жардам» машинелери сатып...

 «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыппулдун бир...

ЭКОНОМИКА 2019-07-10  14:31

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим...

ЭКОНОМИКА 2019-07-08  15:40

Евробиримдик Борбор Азияга кошумча 72 млн евро бөлөт

ЭКОНОМИКА 2019-07-08  16:41

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай...

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк...

ЭКОНОМИКА 2019-07-05  09:04

Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымдарын өз мойнуна алат

Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымдарын өз мойнуна алат

Кытай өкмөтү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ)...

ЭКОНОМИКА 2019-06-26  19:11