KELECHEK
rek

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналисттер каза болду

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналисттер каза болду

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза болду. Бул тууралуу «Дождь» телеканалы Михаил Ходорковскийдин «Иликтөөлөр борборунун» булактарына таянып кабарлады. Журналисттер анда «Вагнердин жеке аскердик компаниясы» тууралуу документалдуу тасма тартып жүрүшкөн.

Орхан Жемалдын каза болгонун Би-би-сиге «Иликтөөлөр борборунун» башкы редактору Андрей Коняхин менен журналисттин досу Максим Шевченко ырастады. Коняхин РБК басылмасына журналисттер Борбордук Африка Республикасына ишемби, 28-июлда барышканын айткан. «Акыркы жолу алар менен 26-июль кечинде байланышка чыкканбыз. Азырынча аларга эмне болгондугунун чоо-жайын билбейбиз»», — деди Коняхин.

Башка бир булак чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулганын билдирүүдө. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дагы Африкада журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза болгонун ырастады. Алардын сөөктөрү Бангиге жеткирилди.

Мекеменин билдирүүсүндө Орусиянын Борбордук Африка Республикасындагы элчилиги ал өлкөдө орусиялык журналисттердин жүргөнүн билбегендиги жазылган. Учурда дипломаттар орус жарандарынын өлүмү боюнча бардык маалыматтарды тактап, сөөктөрүн мекенине жеткирүү үчүн аталган өлкөнүн укук коргоо жана өкмөттүк түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болууда.

Орхан Жемал – аскер жаңжалдары жана мусулман өлкөлөрү тууралуу репортаждарды даярдап келген белгилүү орусиялык журналист. Ал Түндүк Кавказда, Ооганстанда, Иракта, Ливанда жана Сирияда иштеген. Андан тышкары 2008-жылкы Орусия менен Грузиянын ортосундагы жаңжал тууралуу «Беш күндүк согуштун хроникасы» деген китеп жазган.

Мурдараак Борбордук Африка Республикасында үч орусиялык курман болуп, алардын экөөсүндө «Известия» басылмасынын күбөлүктөрү табылганы кабарланган. AFP агенттиги орусиялыктар белгисиз куралдуу адамдар тарабынан өлтүрүлгөнүн жана сөөктөрү Сибут шаарынан 23 чакырым алыстыкта табылганын жазган. Кийинчерээк «Известия» ал өлкөдө бир дагы кызматкери болбогонун билдирген.

Борбордук Африка Республикасында жаңжал 2013-жылы, президент Франсуа Бозизе бийликтен кетирилгенден кийин башталган. Учурда андан кийинки мамлекет башчы Фаустин-Армене Туадера өлкөнүн борбору Банги шаарын жана анын тегерегиндеги аймактарды гана көзөмөлдөйт. Калган аймактарга 15 куралдуу топ өз ара бөлүшүп, өз көзөмөлдөрүн орнотушкан. Азыр Борбордук Африка Республикасында БУУнун 13 миң кишиден турган тынчтык орнотуу миссиясы жайгашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...