KELECHEK

Бишкекте конвойдун жоокери сот имаратында өзүн атып алды

Бишкекте конвойдун жоокери сот имаратында өзүн атып алды

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз борбору “Азаттыкка” ырастады.

Окуя кечээ саат 15:43төр чамасында болгон. Маалыматка караганда, 18 жаштагы Ж.Э. аттуу жоокер табелдик курал менен өзүн башка аткан. Катардагы жоокер алган жараатынан улам "Тез жардам" келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Жоокер сотко кимди коштоп барганы жана кайсы иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы белгисиз.

Буга чейин июлдун ортосунда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагындагы 21 жаштагы жоокер өзүн атып алган. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийген.

Ушуга окшош эле окуя июнь айынын башында Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында да болгон. 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. ЖАМКтын маалыматына ылайык, тергөө бул факты боюнча суицид деп жыйынтык чыгарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстандын чыгышында катуу сел жүрдү

Тажикстандын чыгышында катуу сел жүрдү

Тажикстандын чыгышындагы Сангвор районунда селден улам...

Өзбекстанда күйөөсү тарабынан сабалган келин каза болду

Өзбекстанда күйөөсү тарабынан сабалган келин каза болду

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы ооруканада...

Грецияда катуу шамаалдан чет өлкөлүк туристтер ажал тапты

Грецияда катуу шамаалдан чет өлкөлүк туристтер ажал тапты

Грециянын түндүк-батышындагы Халкидики жарым аралында катуу...

Токмоктун тургуну кызына дары сатып алуу үчүн дарыкананы карактады

Токмоктун тургуну кызына дары сатып алуу үчүн дарыкананы карактады

Токмок шаарынын тургуну Замир Кожоканов дарыканадан 350 доллар карактап кеткен. Бирок ал...

Нигериялык жарандын өлүмү боюнча күбө көрсөтмө берди

Нигериялык жарандын өлүмү боюнча күбө көрсөтмө берди

Милиция Бишкекте нигериялык жаран кабылган окуянын...

Тажикстанда 14 соттолуучу нанга ууланып өлдү

Тажикстанда 14 соттолуучу нанга ууланып өлдү

Согди облусунун түзөтүү мекемесинде...