KELECHEK
rek

Трамп Иран президенти менен жолугушууга даяр

Трамп Иран президенти менен жолугушууга даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Иран президенти Хасан Роухани менен “алдын ала  шартсыз” эле жолугууга даяр экенин билдирди.

Трамп 30-июлда Италия премьер-министри менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда: "Мен ким менен болсо да жолугуша алам жана жолугушуу болоруна ишенем", деди.

Кошмо Штаттардын лидери бул жолугушуу Америка жана Иран эле эмес бүтүндөй дүйнө үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.

Иран лидерлери Трамптын сунушун дароо четке кагышкан жок.

Вашингтон Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон 2015-жылдагы өзөктүк келишимден быйыл май айында чыгып кеткен. Ал келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын ооздуктап, ал үчүн эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдетмей болгон.

Бирок Трамп 24-июлда АКШ ал макулдашуунун ордун баса турган "чыныгы келишимди иштеп чыгууга даяр экенин" ишара кылган. Роуханинин ага кеңешчиси Хамид Оналеби 31-июлда сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн Кошмо Штаттар 2015-жылдагы келишимге кайтып келиши керектигин билдирди.

Тараптар бири-бирин катуу опузалап жатканына карабай, соңку апталарда Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштап келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52