KELECHEK
rek

Тажикстанда туристтерди өлтүрүүгө шектелген үч киши аныкталды

Тажикстанда туристтерди өлтүрүүгө шектелген үч киши аныкталды

Тажикстандын Ички иштер министрлиги туристтерди тебелетип кеткен үч шектүү аныкталганын жана алардын бири коопсуздук күчтөрүнө каршылык көрсөткөн учурда жок кылынганын маалымдады. Алар Дангара районундагы Осмондар айылынын аймагындагы фермадан табылган.

Анын алдында милиция окуяга шектүү катары Пянж районунун 19 жаштагы тургундары Зафарджон Сафаров менен Асомуддин Маджидов, Нурек шаарынын жашоочусу Жафариддин Юсупов изделип жатканын маалымдаган.

Европа Биримдигинин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хидоят Бишчевич 30-июлда Дангарадагы окуя алдын ала пландалган кол салууга окшоп турганын билдирген.

«Эгер тергөө бул версияны тастыктаса, бул окуя биздин тынчсыздануубузду ого бетер арттырат», - деген дипломат.

Бишчевичтин айтымында, велосипедчендер тобу эки америкалык, эки голландиялык, эки швейцариялык жана бир франциялык жарандан турган. Бул окуяда франциялык турист гана жабыркаган эмес.

Тажикстандагы АКШ элчилиги дагы бул окуяны кол салуу деп атоодо. «Биз кол салган адамдардын ырайымсыздыгын катуу айыптайбыз, алар ак ниет жана меймандос тажик элинин өкүлдөрү эмес экенин түшүнүп турабыз»,- деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткени кабарланган. Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кетишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...