KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы жаштардын багы аталган Токтогул көчөсүндөгү аллея жаңыланууда. Шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти андагы отургучтарды, темир тосмолорду оңдоп, сырдап, жакшы абалга алып келүүдө. Ошондой эле көчөлөргө шаар көрк жана жарык берген жол чырактары коюлуп жатат.

Аталган департаменттин жетекчиси Саид Жакыповдун айтымында, Токтогул аллеясы жаңыланууга жана тургундар тарабынан аяр мамилеге муктаж болуп келет. Анткени жыл сайын оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлгөнү менен отургучтары сынып, жада калса сыртындагы тосмолор да уурдалып кеткен учурлар бар.

Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти аллеяны жаңылап, сынган отургучтардын жана таштанды урналарынын, тосмолордун ордуна жаңыларын орнотуу менен отургучтар, тосмолор сырдалып, аллеяга жаңы өң берилүүдө.

Шаардагы коомдук эс алуу жайларын жаңылоо иштери мунун менен гана чектелген жок. Шаар аймагы түнкүсүн да кооз болушу үчүн 400 даана жол чырактары алынган. Мурдагы лампалуу чырактардан айырмаланып, булар чырактар электр энергиясын үнөмдөшөт. Алардын алгачкылары борбордук Эркиндик аянтына коюлду. 

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында 2500 даана кечки жарыктандыруучу чырактар бар, аларга дагы 400 чырак кошулууда. Ал үчүн шаар бюджетинен 1 миллион 800 миң сом каралган. Ал эми Токтогул аллеясы Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине керек-жарак үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен жаңыланууда

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13