KELECHEK
rek

Түркия: чачы картинг унаасынын дөңгөлөгүнө оролгон кыздын баш териси сыйрылып кеткен

Түркия: чачы картинг унаасынын дөңгөлөгүнө оролгон кыздын баш териси сыйрылып кеткен

Самсун шаары

Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Түркиянын Самсун шаарында картинг унаасы менен бараткан түркмөнстандык студент кыз жаракат алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты. Маалыматка караганда, кыздын чачы унаанын дөңгөлөгүнө оролуп, баш терисинин жарымы сыйрылып кеткен.

Кызга терисин жана чачтарын калыбына келтирүү боюнча операция жасалды. Дарыгерлер ал жасалма комадан чыкканы менен, абалы дале оор экенин айтышууда.

«Шаардагы университтердин биринде окуган 22 жаштагы түркмөнстандык Нуржемал Анналиеванын чачы дөңгөлөктүн астына кирип кетип, баш териси кашынан өйдө сыйрылып калган. Ошондуктан ага териси менен чачын калыбына келтирүү операциясы жасалды. Азыр ал өзүнө келип, суроолорубузга жооп берүүдө. Азырынча үй-бүлөсү бул окуя тууралуу эч нерсе билбейт», - деди башкы дарыгер Режеп Санжак.

Жергиликтүү «Сабах» гезитинин журналисти Мурат Али жабыркаган кыз менен сүйлөшүүгө жетишкен. «Мен мындай унаага алгачкы жолу отурдум. Бирок буга чейин айдап жүргөндөрүн көрчүмүн. Биз достор менен отуруп көрөлү дегенбиз. Бир аз жүргөндөн кийин эле чачым чаташып, жыгылып калдым. Узун чачымды жыйнап алышым керектигин мага эч ким эскерткен эмес. Бул алардын көңүл коштугу. Мен күнөөлүүлөрдү сотко берем», — деп билдирген кыз.

Түркиялык «Миллиет» гезитинин маалыматына караганда, окуя 20-июнда кечки саат ондордо, Самсун шаарынын «Батипарк» сейил багындагы аянтта болгон.

Шаардык полициянын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...