KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ ОН ЭСЕ ӨСТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ ОН ЭСЕ ӨСТҮ

Жарым жылда Жалал-Абад шаарынын экономикасынын ар түрдүү тармактарына 1 миллиард 648,6 миллион сомдук инвестициялар тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 142,5 пайызды түздү. Анын ичинен, ички инвестициялар 1 миллиард 189,4 миллион сомду, тышкы инвестициялар 459,2 миллион сомду түздү.

Өткөн жылга салыштырмалуу тышкы инвестициялардын көлөмү 10 эсеге көбөйдү, себеби Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан шаардын суу түтүктөрүн реабилитациялоо жумуштары аткарылууда.

Тартылган инвестициялардын эсебинен үстүбүздөгү жылдын 6 айында шаар аймагында 29 жаңы ишканалар ачылып, 38 жаңы жумуш орундар түзүлдү.

Андан тышкары, шаарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен “Ситизен” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан тартылган 23,5 миллион сомдук инвестициялар эсебинен жаңы заманбап мал союучу ишкана курулуп бүткөрүлдү. Курулушка “Айыл банк” тарабынан 10 миллион сом насыя тартылса, ал эми 13,5 миллион сом жеке ишкер эсебинен берилди. 

Республикалык бюджеттин эсебинен дем берүүчү гранттарды тартуу максатында шаар мэриясынын, бюджеттик мекеме-ишканалардын адистери менен биргеликте 12,69 миллион сомдук 7 бизнес-долбоорлор иштелип, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жөнөтүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38