KELECHEK
rek

Чек арадан чөнтөк телефон алып өткөндөрдөн 100 сомдон алуу сунушталууда

Чек арадан чөнтөк телефон алып өткөндөрдөн 100 сомдон алуу сунушталууда

Кыргызстанда чет жактан ташылып келүүчү чөнтөк телефондордун ар бирине чек арадан 100 сомдон төлөм алуу каралууда. Бул тууралуу 24-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чара Жогорку Кеңеш 2013-жылы кабыл алган чечимди ишке ашыруу максатында көрүлгөнү жатат, бирок акыркы чечим кабыл алына элек, азыр талкуу жүрүп жаткан чагы.

“Ал акчаны катардагы абоненттер эмес, телефондорду Кыргызстанда сатуу үчүн ташып келип жаткан компаниялар төлөйт" деди Шаршембиев:

- Бул биздин жарандарыбызга тиешелүү эмес. Жаңы мобилдик аппараттар чек арадан өтүп жатканда алып келаткан фирмалар каттоодон өткөрүп киргизишет. Фирма төлөйт. Эч кандай кызыкчылык жок. Аткезчиликке мүмкүнчүлүк берилбеш үчүн гана жасалууда. Телефондордун баасы көтөрүлбөйт. Арзандашы мүмкүн, бирок кымбаттабайт. Сумма Экономика министрлигинин эң төмөнкү көрсөткүчүнүн негизинде аныкталды.

Ал эми телефонду жеке колдонуу үчүн чет мамлекеттен сатып алып келаткандар, Шаршембиев белгилегендей, аппаратын он-лайн каттоо аркылуу өткөрүп алса жетиштүү болот.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38