KELECHEK
rek

Тажикстандык аял баласынын денесине ийне киргизгенин четке кагууда

Тажикстандык аял баласынын денесине ийне киргизгенин четке кагууда

Денесинен 10 ийне табылган наристенин апасы баласына атайылап ийне сайгандыгы боюнча айыптоолорду четке какты. Мухайё Каримова буга чейин күнөөнү моюнуна алган көрсөтмөлөр тергөөчүлөрдүн басымы алдында алынганын билдирди.

«Алар мени коркутуп, күнөөнү моюнга алдырышты. Мен аны күйөөм үчүн кылгандыгым тууралуу айтылгандардын бардыгы жалган. Кантип эле өз уулумдун денесине ийне киргизмек элем? Биз ал баланы алты жыл күткөнбүз», — деди тогуз айлык Мадассир Каримовдун апасы Мухайё Каримова.

7-июлда тажик ИИМи Рудаки районунун 26 жаштагы тургуну Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүн мекенине кайтаруу максатында баласынын денесине 10 ийне киргизгенин билдирген.

Мухайё Каримова Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүн кайтарууга зарылдык жок экенин айтууда. «Ал жылына болгону бир нече айга барып иштеп келет. Орусияда жүргөндө мага күн сайын телефон чалып турат», — деди ал.

Мухайё Каримова ага каршы “Адам өмүрүнө оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын ырастады. Тергөө маалында анын уулунун жанында болушуна уруксат берилген. Ал ийнелер баласынын денесине кандай жол менен киргенин билбей турганын айтууда.

Бирок райондук прокуратурадан сурак маалында аялга басым болгонун четке кагышты. «Аны эч ким мажбурлаган жок, кылмыш кылганын өзү моюнуна алды», — деп билдиришти мекемеден.

Июлдун башында Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери тогуз айлык наристенин денесинен 10 ийне табылганын билдиришкен. Анда медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышкан. Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экени аныкталган. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болуп, дагы төртөө баланын денесинде калган. Дарыгерлердин айтымдарында, ийнелер наристенин денесинде бери дегенде үч айдан бери жүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38