Алматы соту Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн узартты
Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алматыда 15-августка чейин камакта болот. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары Алматы шаардык сотуна шилтеме кылып жазышты.
Быйыл 15-16-февраль күндөрү Алматы, Түштүк Казакстан жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Алматы шаарында өткөрүлгөн атайын операциялардын жыйынтыгында 35 шектүү кармалган. Алардын арасында үч кыргыз жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгон.
Алар «аймактар аралык уюшкан кылмыштуу топтун» катышуусундагы ыктымал аткезчилик тууралуу ишти тергөөнүн алкагында кармалышкан.
16-апрелде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардан улам аны депутаттык мандаттан ажыраткан.
Буга чейин Казакстан ТИМи Асылбек уулунун казак паспорту бар экенин билдирген. Бирок анын туугандары бул маалыматты четке кагышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53