KELECHEK
rek

Казакстанда Денис Тенди өлтүрүүгө шектелгендердин экинчиси кармалды

Казакстанда Денис Тенди өлтүрүүгө шектелгендердин экинчиси кармалды

Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин 20-июль күнү кечинде тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүгө ылайык, кармалган жаран Арман Кудайбергенов аттуу 23 жаштагы Кызылордо облусунун тургуну.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Алматынын Аксай кичи районунда өткөрүлгөн рейд маалында колго түшүрүлгөн.

Буга чейин көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмү фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан сотко чейинки тергөө иштери башталганы кабарланган.

20-июлда Тенди бычактагандардын дагы бири, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов кармалганын Алматы шаардык прокуратурасы билдирген. Ал адвокатынын катышуусунда берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Денис Тен — Сочидеги кышкы Олимпиада оюндарынын коло жана дүйнө биринчилигинин эки медалынын ээси. Аны 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...