KELECHEK
rek

Актөбө полициясы жалган маалымат тараткандарды издөөдө

Актөбө полициясы жалган маалымат тараткандарды издөөдө

Актөбөдөгү кол салууга байланыштуу Данияр Уайсов аттуу жаран издөөгө алынган эмес. Бул туурасында  облустун Ички иштер департаменти билдирди.

Азыркы тапта жалган маалымат бергендер изделип жатат.

Жекшембиде социалдык түйүндөр аркылуу Актөбө шаарынын тургунумун деген жаран бийликке видеокайрылуу жолдогон. Жаш жигит өзүн Данияр Уайсовмун деп тааныштырып, ысымы өлтүрүлгөн согушчандардын тизмесинде жүргөндүгүнө нааразычылык билдирген.

Согушчандар деп болжолдонгон адамдардын тизмеси сүрөттөрү менен “ВКонтакте” социалдык түйүнүндөгү zello.aktobe баракчасына жарыяланган. Ал тизмеде 29 жашар Данияр Уайсов да жүрөт. Бул топтун өкүлүмүн деген Кайрат аттуу адам маалыматтар WhatsApp аркылуу келгенин айткан.

Актөбөдө 5-июнда куралчан топ курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө кол салган. Натыйжада төрт жергиликтүү тургун менен үч жоокер курман болгон. Атайын операциянын жүрүшүндө жоочу делген 18 адам өлтүрүлүп, тогузу колго түшүрүлгөн.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...