KELECHEK
rek

Дональд Трамп кайрадан мусулмандарды АКШга киргизбөөгө чакырууда

Дональд Трамп кайрадан мусулмандарды АКШга киргизбөөгө чакырууда

Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер аталып жаткан Дональд Трамп  өлкөгө мусулмандарды киргизүүгө тыюу салуу чакырыгын кайрадан кайталады. Би-Би-Си кабарлагандай, бул туурасында ал Флоридада болгон кол салууга байланыштуу пикирин билдирүү маалында айтты.

«Орландодо болгон окуя – башталышы гана. Бийлигибиз алсыз жана ишибиздин натыйжасы жок. Азыр биз катаал болушубуз керек”, - деп жазды ал Твиттердеги баракчасына.

Орландо шаарындагы гей-клубдагы атышуудан 50 адам каза тапкан. АКШ тарыхында бул сыяктуу кол салууларда мынчалык көп адам набыт кеткен эмес.

Расмий маалыматка караганда, гей-клубга кол салган адам - Омар Матин. Ал ооган тектүү АКШ жараны жана Флорида штатынын жашоочусу, 29 жашта.

Америка бийлиги гей-клубга кол салуу идеологиялык негиздеги кылмыш болушу ыктымал деп билдирди. Анткен менен атайын кызматтын Омар Мартиндин экстремисттик топтор менен байланышын тастыктаган эч кандай маалыматы жок.

АКШ президенти Барак Обама атайын кызмат Омар Мартиндин экстремисттик топтор менен байланышы болгон-болбогондугун аныктоо үчүн бардык аракетти жасашы керектигин билдирди.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12