KELECHEK
rek

Тажикстанда качып кеткен милиционерге эл аралык издөө жарыяланды

Тажикстанда качып кеткен милиционерге эл аралык издөө жарыяланды

Тажикстандын Хатлон облустук прокуратурасы Дусти райондук ички иштер башкармалыгынын маңзат сатууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Махмадулло Идиевге эл аралык издөө жарыяланганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал шектүү катары кармалган жергиликтүү тургун Толибжон Дустовдун өлүмү боюнча «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси менен айыпталууда.

Идиевге каршы кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан былтыр жайында козголгон. Декабрда ага расмий айып тагылып, соту быйыл январда башталган.

Прокурордун айтымында, Махмадулло Идиев ооруп жатканын айтып, 20-июндагы сот отурумуна келген эмес. «Соттолуучу качып кетиптир, азыр кайсыл жерде экендиги белгисиз. Ал каякта болбосун, кармалары менен камакка алынат. Эгер өлкө сыртынан кармалса, анда аны экстрадициялоого аракет кылабыз», — деди Насрулло Махмудзода.

​Толибжон Дустов былтыр июлдун аягында маңзат сатууга шектелип кармалган. Бир нече күндөн кийин анын сөөгү коңшу райондогу ооруканада табылган.

Прокурор кызмат абалын кыянат пайдалануу беренеси менен айыпталып жаткан Махмадулло Идиевге карата эми жаңы айыптар тагылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...