KELECHEK

Наманганда окуучу кыз төрөп, эс алуудагы мугалимдер жумушка чакырылды

Наманганда окуучу кыз төрөп, эс алуудагы мугалимдер жумушка чакырылды

Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районунда 7-класстын окуучусу төрөгөндүгү тууралуу маалыматтан кийин райондук билим берүү башкармалыгы эс алуудагы мугалимдерди мөөнөтүнөн мурда жумушка чакырды.

Мекеменин жетекчиси Шохиста Тургунова окуучу кыз төрөгөндүгүн четке кагып, бирок айрым мугалимдер жумушка чакырылганын ырастады.

«Ал кыз төрөгөн жок. Болгону гинекологиялык текшерүү маалында өз жанын кыя тургандыгын айткан. Бул сөздөр ушундан улам чыкты. Биз анын үйүнө барып, маселени жөнгө салып келдик. Бул окуядан кийин чынында эле эмгек өргүүсүндөгү айрым мугалимдер жумушка чакырылды. Алар балдар менен сүйлөшүп, жайкы каникулду кандай өткөрүп жаткандыктарын сурашат. Быйыл жумушка чыккан күндөрү үчүн алар эмдиги жылы эс алышат», — деди Тургунова.

Мугалимдер болсо окуучулардын үйлөрүн кыдырып, болгон окуя тууралуу ата-энелерге маалымат берип, балдарына көзөмөлдү күчөтүү керектигин эскертип жаткандыктарын айтышууда.

«Эгер кыздар эрезеге жеткен болсо, аларды УЗИге алып барып жатабыз. Ата-энелер менен сүйлөшкөндөн кийин ортодогу маектин мазмунун кагазга жазып, окуучулар жана алардын ата-энелери менен сүрөткө түшөбүз. Анан аларды отчет катары топтоп, мектеп жетекчилигине тапшырабыз. Ал жактан райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлөт», – деди мугалимдердин бири.

Чартак РИИБсинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери жергиликтүү мектептердин биринде окуган 13 жаштагы кыз төрөгөнүн ырастады. «Учурда бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө. Бул ишке тиешеси барлардан ДНК анализдер алынып жатат. Азырынча башка маалыматтар айтылбайт», — деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Австрия башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды

Австрия башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды

Австрия парламенти башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды. Мыйзам долбоорун канцлер...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-05-17  09:38

Акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынды

Акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынды

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроо майрамына...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-05-06  17:37

Президент Сокулук районундагы Орок орто мектебинин жана Бишкек...

Президент Сокулук районундагы Орок орто мектебинин жана Бишкек...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Сокулук районундагы Орок орто...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-04-23  16:17

Казакстанда 15 миңден ашык мугалим тийиштүү үстөк акы алган эмес

Казакстанда 15 миңден ашык мугалим тийиштүү үстөк акы алган эмес

Казакстанда эки жыл ичинде окуучуларга кошумча сабак берген 15 миңден ашык мугалим...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-04-18  11:19

Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖнун ректорлорунун биринчи Форуму өттү...

Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖнун ректорлорунун биринчи Форуму өттү...

«Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-03-27  20:22

Министр: Казакстандын окуу китептеринде кемчиликтер бар

Министр: Казакстандын окуу китептеринде кемчиликтер бар

Окуу китептеринде айрым кемчиликтер бар. Буга байланыштуу китептер басмаканага...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-03-06  12:26

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

 «Сапат» (мурдагы «Себат») билим берүү мекемеси окуучуларга карата...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-02-25  17:59