KELECHEK
rek

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабаддын бир катар кичи райондорундагы эки кабаттуу турак жайлар түрттүрүлүүдө.

Алардын ар биринде 30дай батир бар. Жергиликтүү жашоочулар акыркы 4-5 айдан бери эски үйлөрүнүн тышын ремонттоп башташкан. Бийликтин талабы менен чатырларды кызыл түскө боёп, терезелерин жаңыртышкан.

Эми бул үйлөрдү түрттүрүп, жашоочулардан башка райондорго көчүүнү талап кылышууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бийлик аларга көбүнчө суусу жок, электр энергиясы тартыла элек, лифти иштебеген үйлөрдү берет.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бул сапар үйлөрү түрттүрүлө баштаган жашоочулар Тынчтык-7 кичи районунда курулуп жаткан үйлөргө барышары айтылган. Бирок курулуш бүтө электигине байланыштуу алар өз алдынча убактылуу башкалка табууга мажбур болушууда.

Акыркы бир нече жылда Ашхабадда жана анын четиндеги аймактарда миңдеген үйлөр түрттүрүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...